БАЙДАМТАЛ ХАЛЦЕДОН КЕНИ
БАЙДАМТАЛ ХАЛЦЕДОН КЕНИ Жалалабат обл-нун Тогузторо р-нунда, Көгирим (Арал) кыш-нан 25 км аралыкта. 1977-ж. ачылып, изилденген. Кен аймагында доломит м-н кремнийлүү сланец жатат. Алардын кошулган жеринде тектон. жарака кетет. Анда халцедон-темирлүү брекчия тилкеси кездешет. Мында кварц сыныктары күрөң, сары-күрөң ж-а кызыл түстөрдөгү аморфтуу халцедон-темирлүү масса м-н камдашып калган. Тилкенин уз. 150 м ге созулат. Запасы 1000 тдай. Таштан майда кооз буюмдарды жасоого болот.