БАЙКОО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:16, 6 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙКОО - атайлап, максат көздөп, кубулуш­тардагы мазмун маанини издөө ж-а изилдөө, сырткы дүйнөнү кабыл алуу. 1) Жаратылышта болуп жаткан өзгөрүштөрдүн жүрүшүн түшүнүүгө мүмкүндүк бере турган кабыл алуу процесси; 2) илимий-изилдөөгө баштапкы материалды берүүчү сырткы дүйнөнү атайылап ж-а максат көздөп карап үйрөнүү. Ал жөнөкөй ж-а татаал, түздөн-түз ж-а эксперимент м-н улашып, айрым бир кара­жаттар аркылуу болушу мүмкүн. Бирок экспери­менттен айырмаланып, Байкоо процессинде субъект объектиге өктөм таасир этпейт. Мунун өзү айрым учурда (психол., социалдык ж. б.) анын
кемчилиги эмес, артыкчылыгы катары баала­нат. Байкоодо адамдын сезим-туюм органдарынын табигый мүмкүнчүлүгү чабалдык кылган учур­ларда аспаптар, приборлор пайдаланылат.

Ж. К. Асанов.