ГУК ЗАКОНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГУК ЗАКОНУ – серпилгич чөйрөдөгү чыӊалуу м-н кичине деформациялар арасындагы сызыктуу көз карандылыкты туюндуруучу закон. Англ. физик Р. Гук 1660-ж., уз. l ж-а туурасынан кесилиш аянты S болгон өзөккө F күчү м-н аракет этсе, анда анын узаруусу 􀀧l ошол күчтүн чоӊдугуна түз көз каранды экендигин тапкан, б. а. 􀀧l = kF, мында k=l/E . S (E – Юнг модулу). Г. з-н төмөнкүчө жазууга болот: G = E . 􀁈, мында G=F/S – нормалдуу чыӊалуу, 􀁈=􀀧l/l – салыштырма узаруу. Жылышуудагы жантайма чыӊалуу t жылышуу деформациясына (􀁊 түз көз каранды, б. а. 􀁗=G . 􀁊, мында G – жылышуу модулу). Г. з. берилген материалдын касиетине жараша сырткы күч м-н деформациянын маанилери белгилүү чоӊдуктан ашпаганда орун алат.