БАЙЛАДИЛА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:24, 7 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАДИЛА — Индиядагы темир кендүү ири аймак. Мадхья-Прадеш штатында. Байладила тоо тизмегинде, 1200-1250 м бийиктикте жогорку сорттогу темирдин (Ғе 65-69%) бир нече кени жайгашкан. Алардын ирилери: Байладила (жалпы запасы 1352 млн т), Жали-Ражхара (290 млн т), Ровгхат (237 млн т). 1958-жылы геологиялык чалгындоо жүргүзүлүп, 1968-жылдан жер бети­нен ачык казылып алынат. Кендер антиклинал­дык зона м-н татаалданган синклиналдык структураларга топтолгон. Байладила кенинде 150 м те­реңдикке чейин 14 кенташ кабаты ачылган. Алардын узундугу 900-1500 м, калыңдыгы 30-60 м (чанда 150 м).