БАЙЛАНЫШ АБА ЛИНИЯСЫ
БАЙЛАНЫШ АБА ЛИНИЯСЫ - арматуранын (изолятор, илмек ж. б.) жардамы м-н түркүктөргө асылып тартылган зым. Аны м-н телефон, телеграф, фототелеграф кабарлары, радиоуктуруу программасы, телебашкаруу, телеөлчөө сигналдары берилет. Радио байланыш каналы телеграф ж-а телефон каналы деп бөлүнөт. Көп каналдуу телеграфтоодо бир эле канал б-ча бир нече байланыш ишке ашырылат. Бул үчүн алыскы телефон байланыш каналы пайдаланылат да, ал канал электр чыпкалары м-н ичке бөлүккө бөлүнүп, алардын ар бири б-ча телеграф кабары берилет. Ал тоналдык телеграфтоо деп аталат. Бул учурда жез же биметалл зымдары пайдаланылып, 2 зымдан турган зым керме б-ча жогорку жыштыктагы токтун күчү м-н бир убакытта 15-18 телефондук сүйлөшүү жүрөт. Мында 150 кГц жыштыктагы диапазондо сигнал берилип, ар бир телефон каналы 3-4 кГц диапазондо иштейт. Түркүктөргө бекитилүүчү арматура ка тары изолятор, илмек, траверс ж. б. колдонулат. Изолятор фарфордон же айнектен жасалат. Б. а. л-сын тыгыздоодо байланыш каналынын санын көбөйтүү жолу м-н бир эле маалда бир эле зым керме б-ча көп абонент байланыштырылат. Радио каналын тыгыздоодо берүүчү ж-а кабыл алуучу аппараттар кезеги м-н үзгүлтүксүз иштетилет. Таркатылуучу сигналдардын физ. табияты б-ча Б. а. л-нын электр, акустикалык, оптикалык деген түрлөрү болот. Б. а. л-нда башка жактан пайда болгон бөлөк ток, о. эле ж-а байланышка жолтоо болуучу башка таасирлер да болот. Байланыш түзүлмөлөрүнө коркунучтуу таасир тийгизе турган булактарга: а) чагылган, б) магнит талаасы, в) жогорку ж-а төмөнкү чыңалуудагы электр линиясы, г) электр тогу (агыны) м-н жүрүүчү транспорт линиясы ж. б. кирет. Кош Б. а. л. бири бирине жолтоо болуучу токту пайда кылбашы үчүн абада ар бир кош зым өзүнчө асылып, берки эки зым белгилүү аралыкта кайчылаштырылып тартылат. Кабель линиясында ар бир кош зым өзүнчө оролуп изоляцияланат. Радио программалар кабель аркылуу берилгенде, зымдар электр экраны м-н корголот.