БАЙЛАНЫШ АБА ЛИНИЯСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:55, 7 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАНЫШ АБА ЛИНИЯСЫ - арматуранын (изолятор, илмек ж. б.) жардамы м-н түркүк­төргө асылып тартылган зым. Аны м-н телефон, телеграф, фототелеграф кабарлары, радио­уктуруу программасы, теле башкаруу, теле өлчөө сигналдары берилет. Радио байланыш каналы телеграф ж-а телефон каналы деп бөлүнөт. Көп каналдуу телеграфтоодо бир эле канал боюнча бир нече байланыш ишке ашырылат. Бул үчүн алыс­кы телефон байланыш каналы пайдаланылат да, ал канал электр чыпкалары м-н ичке бөлүккө бөлүнүп, алардын ар бири боюнча телеграф кабары берилет. Ал тоналдык телеграфтоо деп аталат. Бул учурда жез же биметалл зымдары пайдала­нылып, 2 зымдан турган зым керме боюнча жогорку жыштыктагы токтун күчү м-н бир убакытта 15-18 телефондук сүйлөшүү жүрөт. Мында 150 кГц жыштыктагы диапазондо сигнал берилип, ар бир телефон каналы 3-4 кГц диапазондо иштейт. Түркүктөргө бекитилүүчү арматура катары изолятор, илмек, траверс ж. б. колдону­лат. Изолятор фарфордон же айнектен жасалат. Байланыш аба линиясын тыгыздоодо байланыш кана­лынын санын көбөйтүү жолу м-н бир эле маал­да бир эле зым керме боюнча көп абонент бай­ланыштырылат. Радио каналын тыгыздоодо берүүчү ж-а кабыл алуучу аппараттар кезеги м-н үзгүлтүксүз иштетилет. Таркатылуучу сиг­налдардын физикалык табияты боюнча Байланыш аба линиясынын электр, акустикалык, оптикалык деген түрлөрү болот. Байланыш аба линиясында башка жактан пайда болгон бөлөк ток, ошондой эле ж-а байланышка жолтоо болуучу башка таасирлер да болот. Байланыш түзүлмө­лөрүнө коркунучтуу таасир тийгизе турган бу­лактарга: а) чагылган, б) магнит талаасы, в) жогорку ж-а төмөнкү чыңалуудагы электр линия­сы, г) электр тогу (агыны) м-н жүрүүчү транспорт линиясы ж. б. кирет. Байланыш аба линиясы бири бирине жолтоо болуучу токту пайда кылбашы үчүн абада ар бир кош зым өзүнчө асылып, берки эки зым белгилүү аралыкта кайчылашты­рылып тартылат. Кабель линиясында ар бир кош зым өзүнчө оролуп изоляцияланат. Радио программалар кабель аркылуу берилгенде, зым­дар электр экраны м-н корголот.