БАЙЛАНЫШКАН ТЕРМЕЛҮҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЛАНЫШКАН ТЕРМЕЛҮҮ - байланышкан системалардын эркин кыймылы (термелүүсү). Алар өзара аракеттенишкен жалгыз (парциал­дык) системадан турат. Бир парциалдык системадагы термелүү башка термелүүлөргө байланыш аркылуу таасир эткендиктен, Б. т. татаал болот. Сызыктуу системаларда Б. т. нормалдуу термелүүнүн суперпозициясы түрүндө болушу мүмкүн, мында термелүүнүн саны парциалдык системанын санына барабар. Бирок жыштыгы обочолонгон парциалдык системалардын өздүк жыштыгы м-н дал келбейт.