БАЙЛАНЫШ СПУТНИГИ
БАЙЛАНЫШ СПУТНИГИ - Жердин жасалма жандоочусу. Электр-магнит талаасынын таралышы аркылуу телефондук байланышты, теле берүүлөрдү ж-а ар кандай маалыматтарды бүткүл дүйнөгө таратууну камсыз кылат. Электр-магнит талаасынын микротолкундар арымында (диапазонунда) аябагандай көп маалыматтарды берүүгө болот. Тилекке каршы, микротолкундарды катуу нерселер сиңирип алгандыктан, толкун бергич м-н толкун кабылдагыч бири бирине түз радиобайланышта болуу мүмкүнчүлүгүн Б. с. түзөт. Бир нече спутниктин (үчтөн кем эмес) жардамы м-н байланышты глобалдык масштабда камсыз кылууга болот. Алгачкы Б. с. 1952-ж. сигналдарды күчөтүү үчүн күн энергиясын колдонуу м-н Америкадан Европага телекөрсөтүүнү жүргүзгөн. Спутник Жерди бир айланып чыкканда жердеги станциялардын антеннасы 20 мин гана «көргөндүктөн», телеберүүнүн убактысы да ошончо болгон. 1963-жылдан баштап кубаттуу ракеталар курулгандан кийин Б. с. геостационардуу орбиталарга чыгарыла баштайт. Азыркы учурда жер үстүндө он миңдеген телефон байланыштарын камсыз кылуучу, радио ж-а телеберүүлөрдү трансляциялоочу «Молния- 1, -2, -3», «Интелсат-3, -4» (АКШ) сыяктуу көптөгөн Б. с-тери учуп жүрөт.