БАЙМУНДУЗ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:32, 7 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙМУНДУЗ , И н т е р н а ц и о н а л - Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы кыштак. Бешик-Жон айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 10 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 36 км. 1932-жылы отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 750 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 3981 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, клуб, мечит, мончо ж. б. Бар.