БАЙСАЛОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙСАЛОВ Жоомарт Усубакунович (12. 1. 1949-ж. т., Ысыккөл обл., Ысыккөл р-ну, Темир айылы) - педагог, педагогика илимд. доктору (1998), проф. (2001). Пржевальск мамл. педин-тунун физика-математика ф-тин бүтүрүп (1970), Ысыккөл р-нунда мугалим (1970-71), Респ-лык мугалимдердин билимин өркүндөтүү ин-тунда методист (1971-74), Кыргыз пед. ил.- из. ин-тунда ил. кызматкер, бөлүм башчы (197492), КМУУда доцент, кафедра башчысы (199095, 1998-2002), И. Арабаев атн. КМПУда кафедра башчысы (1995-98), 2002-жылдан КМПУнун алдындагы Педагогика ж-а психология ин-ту­нун директору. Б. математиканы ж-а информатиканы окутуунун теориясы ж-а методикасы б-ча 150дөн ашык ил. эмгек жараткан. Эмг.: Мектептин математика курсунун окуучуларды кесипке багыттоочу мүмкүнчүлүктөрү. Ф., 1989; Модульное обучение в профессионально-педагогической подготовки студентов. Б., 1997; Математиканы башталгыч класстарда окутуунун методикасы. Б., 2006.