БАЙСЕИТОВА
БАЙСЕИТОВА Куляш (өз аты - Гүлбахрам) Жасын кызы [19. 4 (2.5). 1912, Верный (азыркы Алматы шаары) — 6. 6. 1957, Москва; сөөгү Алматыга коюлган] - казак ырчысы (лирика-колоратуралык сопрано); казактын опера өнөрүнө негиз салгандардын бири. СССР эл артисти (1936). Байсеитова ырчылык ишин көркөм чыгармачылык ийриминен баштаган. 1934-жылдан музыкалык театрдын, 1937-жылдан Казак (азыркы Абай атындагы) опера ж-а балет театрынын солисти болгон. Е. Брусиловскийдпин «Кыз Жибек», «Эр Таргын», М. Түлебаевдин «Биржан менен Сара» (СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1949) ж. б. көптөгөн опералардагы башкы партиялардын эң алгачкы аткаруучусу. Орус ж-а Батыш Европа классиктеринин операларын казак

улуттук театр сахнасына чыгарууда зор эмгек сиңирген. Байсеитова репертуарында: Татьяна (Чайковский, «Евгений Онегин»), Чио-чио-сан (Ж. Пуччини, «Чио-чио-сан», СССР мамлекеттик сыйлыгы, 1948) ж. б. Ал ырчы катары өз алдынча концерттерди берген. Казак ССР Жогорку Советинин (1—2- шайланышы) депутаты. Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.