БАЙТЕМИРОВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:17, 7 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙТЕМИРОВ Насирдин (14. 4. 1916, Чүй облусу, Чүй району, Кегети айылы - 23. 3. 1996, Бишкек) - жазуучу, акын, драматург, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1974), Кыргыз эл жазуучусу (1989). Фрунзе­деги зооветеринария ин­ститутунда окуган. Москвадагы М. Горький атындагы адабият институтун бүтүргөн (1955). Байтемиров мугалим, «Кызыл Кыргызстан» гезитинин өз кабарчысы (1945), 1947-50-жылдарда ж-а 1955-67-жылдарда Кыргызстан жазуучулар союзу­нун адабий кеңешчиси, «Кыргызстан маданияты»

жумалыгынын атайын кабарчысы (1967-68) бо­луп пштеген. Чыгармачылык ишин ыр жазуудан баш­таган. 1939-жылы балдарга арналган «Жомоктор» деген алгачкы китеби жарыкка чыккан. «Аза­маттар» повести (1948), «Салтанат» романы (1949), «Жаш муундар» (1951), «Жаш жүрөктөр», «Сагын» повесттери (1953), «Бекем достук» аңгеме­лер жыйнагы (1952) жарык көргөн. «Салтанат» романы Байтемировдун чыгармачылыгындагы бурулуш учур, ошондой эле кыргыз прозасындагы жаңылык ж-а аны коомчулукка жазуучу катары тааныткан чыгарма. «Жаш муундар» повестинде автор кыргыз адабиятында биринчилерден болуп кесипчилик окуу жайынын окуучуларынын турмушун, ал эмп үй-бүлөдөгү ж-а коллективдеги тарбия иштеринин эриш-аркактыгын «Сагын» повестинде чагылдырган. Ал - Кыргызстанда социализмдин ор­ношу, тап душмандарына каршы күрөш, колхоз турмушунун татаал процессин сүрөттөгөн «Акыркы ок» (1958), «Жылдызкан» (1959), «Та­рых эстелиги» (1966), «Сонундар дүйнөсү» (1967), «Санта» (1971), «Турмуш элеги» (1972) роман­дарынын автору. «Уркуя» романында кыргыздын карапайым аялдарынын коомдогу активдүүлүгү Уркуянын образы аркылуу ачылган. Бир катар поэтикалык ыр жыйнактары («Жүрөк күүсү», 1955; «Сүйгөнүм», 1957; «Долон», 1964; «Эриген таш», 1970, 1979; «Махабат дастаны», 1975; «Махабат жазы», 1979; «Махабатым - канатым», 1981; «Тандалмалар», 1988; «Махабат нуру», 1991; «Кылымдар деми», 1994; «Махабат - элим, жерим, ата-тегим», 1996) сыяктуу көлөм­дүү ыр китептери басылып чыккан. Бул ыр жый­нактарга акындын бир катар поэмалары, драмалары, лпбреттолору киргизилген. Байтемировдун «Кү­йөө», «Айып кимде», «Адамдын аты» деген пьесалары бар. «Жаш жүрөктөр», «Эненин жүрөгү» операларынын, «Аста-секин колукту» музыкалык ко­медиясынын либреттолорун ж-а бир нече очерк, адабий сын макалаларды жазган. Өмүрүнүн акыркы жылдарында ал элдик поэзиянын сал­тын улантып, дастан, казал формасындагы чыгармалар циклин жараткан. Кыргыз поэзия­сында биринчилерден болуп Шабдан, Байтик баатырлар жөнүндө көлөмдүү дастандарды, Сагым­бай Орозбаков, Курманжан датка, Зууракан Кайназарова жөнүндө казалдарды жазган. Акын 1990-жылы «Бир саптар» деген ат м-н ырдын жаңы түрүн жараткан (мисалы, Дары жок ээ мансап деген илдетке?!; Жолдон сура канча терим акканын; Буранада шору кайнайт миң жылдын ж. б.). Ал республикалык театр, кино өнөрүнүн өсүп­-өнүгүшү үчүн көп салым кошкон. «Отко таазим» толук метраждуу көркөм фильминин сцена­рийин жазган. Байтемировдун чыгармалары орус, украин ж. б. тплдерде жарык көргөн. М. Ю. Лермонтов­дун, В. В. Маяковскийдин, А. Навоинин, П. Не­руданын чыгармаларын кыргыз тилине котор­гон. «Махабатым - канатым» аттуу көлөмдүү ырлар жыйнагы үчүн Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына (1984) татык­туу болгон. Эмгек Кызыл Туу, Эл достугу, «Ардак Белгиси» ордендери, бир нече медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Садыков А. Бир жылдын прозасы /Ала-Тоо, 1973, № 7; Асаналиев К. Кыргыз романы, көркөмдүк критерийлер /Ала-Тоо, 1973, № 3; Советтик Кыргызстан жазуучулары. Ф., 1976; Артыкбаев К. XX кылымдагы кыргыз адабиятынын тарыхы. Б., 2004.