БАЙТУРСЫНОВ
БАЙТУРСЫНОВ Ахмет, А х м е т Б а й т у рс ы н у у л у [28. (15). 1. 1873, азыркы Костанай обл., Жангелдин р-ну, Сарытүбек айылы - 8. 12. 1938, Алматы] - казак элинин 20-к-дын башындагы улуттук-боштондук кыймылын жетектегендердин бири, мамл. ишмер, акын, публицист, казак тили ж-а адабияттаануу илимд. негиз салуучусу, алгачкы агартуучулардан. Торгойдогу эки жылдык орус-казак мектебин (1891), Оренбургдагы төрт жылдык мектепти (1895) бүтүргөн. 1895-1909-ж. Актөбө, Костанай, Каркаралы уезддериндеги орус-казак мектептеринде, Каркаралы ш-дык окуу жайында эмгектенген. 1905-ж. 14500 адам кол койгон орус бийлигине жиберген Каркаралы петициясынын авторлорунун бири. Ошол мезгилден тартып, жандармдык көзөмөлгө алынып, губернатор Тройницкийдин буйругу м-н 1909-ж. Семей түрмөсүнө камалат ж-а атайын чечимге ылайык, казак аймагынан тышкары айдалып, Оренбург ш-на (1910-17) жер которуштурат. Бул жерде 1913- 18-ж. А. Бөкейханов, М. Дулатов м-н биргелешип, улуттук тунгуч «Алаш» гезитин чыгарышкан. Алар о. эле «Алаш» партиясы м-н «Алаш» өкмөтүн да уюштурууга түздөн-түз катышкан. Жалпы казак курултайында Алаш өкмөтүнүн Окуу-агартуу комиссиясынын төрагалыгына, 1919-ж. өкмөттүн Торгой обл. бөлүмүнүн мүчөсү, РСФСР Эл комиссарлар Совети м-н Казак аскердик-рев-ялык к-тинин төрагасына орунбасарлыкка дайындалган. Анын демилгеси м-н «Алашордонун» жетекчилери м-н мүчөлөрүнө Совет өкмөтүнүн кечирими жарыяланган. 1920-ж. В. И. Ленинге Совет өкмөтүнүн Казакстанды башкаруу ишиндеги кемчиликтерин сындаган кат жолдогон. Казакстан м-н Россиянын чегарасын аныктоо иштерине активдүү катышкан. 1919-ж. Костанай уездин Челябинск обл-на кошуу тууралуу чечимине каршы Б-дун саясий нааразылыгы уездди Казакстандын курамына калтырууга негиз болгон. 1920-25-ж. Казак Респ-нын Эл агартуу комиссары, ил.-адабий комиссиясынын, өлкөнү изилдөө коомунун төрагасы, Оренбургда, Ташкендеги эл агартуу интунда, Казак Мамл. ун-тинде иштеген (казак тили м-н ад-ты, мад-ты б-ча лекция окуган). 1929-ж. Алаш кыймылын жетектеген 43 адамдын ичинде Б. да айыпталып, өлүм жазасына өкүм кылынган ж-а 1937-ж. атылган. Казак элинин 20-к-дын башындагы азаттык үчүн күрөшүн, ой-мүдөөсүн чагылдырган «Кырк мисал» (1909), «Маса» (1911) аттуу чыгармалары жарык көргөн, о. эле орус классик-акындарынын чыгармаларын да которгон.