БАЙЫРКЫ ТҮРК ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ
БАЙЫРКЫ ТҮРК ЖАЗМА ЭСТЕЛИКТЕРИ - VI– XII кылымдардагы түрк уруулары менен элдерине тиешелүү жазма эстеликтер. Ташка, кагазга рун, уйгур, брахма, согду, манихей, сирия (эстрангело) жазуусунда араб тамгасы менен түрк тилинде жазылган баяндамалардан турат. Байыркы түрк жазма эстеликтерин негизинен рун жазмалары түзөт. Ал эрте орто кылымдарда Орхон, Енисей жээктеринде, Чыгыш Түркстан аймагындагы көчмөндөрдүн арасында жаралган. VI–VII кылымдарда Борбордук Азиянын түрк тилинде сүйлөгөн калктары, түрк кагандарына баш ийген элдер төмөнкү Волгадагы, Дон, Түндүк Кавказдагы түрк уруулары өз жазуулары катары колдонушкан. Алгач рун жазуулары бири бири менен байланышпаган 37 же 38 белгиден турган. Алар согду жазуусуна караганда жыгачка жана ташка түшүргөнгө жакшы ылайыкташкан. Рун жазмасы түрк тилинин фонетикалык өзгөчөлүктөрүн так берген. Үнсүз белгилер үндүү тамганын алды же арт жагына келишине жараша эки түрдө, оңдон солду карай горизонталдык абалда жазылган.

Ошондой эле тик жазылган учурлары да кездешет. Алар гот же скандинавия рун жазуулары менен салышгырылып изилденген. Рун жазуулары деп аталып калышы ошол себептүү. Рун жазууларынын келип чыгышы жөнүндө окумуштуулардын арасында төмөндөгүдөй пикирлер бар: 1) кельт-гот урууларына таандык; 2) енисей кыргыздарынын жазуусу; 3) грек-гот алфавити менен түздөн-түз байланыштуу; 4) унутулган орус жазуусунун үлгүсү; 5) аска бетине жазылган финн-угор тамгаларынын үлгүсү; 6) гректин түндүк финикий, түштүк семит алфавиттери менен жакындыгы бар; 7) ирандын тамгаларына окшоштугу бар; 8) грек алфавитинин византиялык, эфталиттик формалары колдонулган; 9) биздин заманга чейинки VIII–V кылымдардагы Казакстандагы Ысык көрүстөнүндөгү «алтын адамдын» жанынан табылган күмүш табактын түбүндөгү жазуу байыркы түрк рун жазуусунун башаты; 10) С. Г. Кляшторныйдын пикиринде рун жазуусу согду жазуусунун негизинде жаралган. Рун жазуусун негиздөөчүлөр согду алфавитинин тамгаларын жана ага мүнөздүү үндүү тамгаларды белгилөөдөн баш тартышып, силлабарий (муун эсебине жараша түзүлгөн сөз) иштеп чыгышкан. Ж. Клосондун изилдөөсү боюнча согду жазуусунан тышкары гректердин кол жазмага окшош ариби ортоперсия (пехлеви) жазуусу пайдаланылган. Байыркы рун алфавитин VII–IX кылымдарда Орто Азиянын көптөгөн мамлекеттери пайдаланган. X кылымда рун жазуусу Моңголияда эски жазуу катары сакталган. Ал эми Енисейде, Алтайда, Орто Азиянын түндүк чыгышында X–XI кылымдарга чейин пайдаланган. С. Г. Кляшторный байыркы рун жазмасын колдонулганына, мезгилине, аймагына жана жанрына карата төмөндөгүдөй тизмектештирет: VIII–XI кылымдардагы Кыргыз кагандыгынын жазуулары (Енисей бою); VII–VIII кылымдардагы Чыгыш Түрк кагандыгынын жазуулары (Моңголия, Алтай);VIII–X кылымдардагы Курыкан уруу бирикмесинин жазуулары (Лена, Прибайкалье); VIII–IX кылымдардагы Уйгур кагандыгынын жазуулары (Моңголия); VIII кылымдагы Батыш Түрк кагандыгынын жазуулары (Жетисуу, Фергана); Хазар кагандыгынын жазуулары (Таласта табылган жыгач таякчадагы жазуу); IX–X кылымдардагы Кимак мамлекетинин жазуулары. Жазуу эстеликтери жанры жагынан 6 топко бөлүнөт: 1) тарыхый-библиографикалык тексттер; 2) эпиграфикалык лирика поэзиясы; 3) аска бетиндеги, таштардагы, курулуштардагы орчундуу окуяны белгилеген жазуу; 4) диний, адабий тексттер; 5) Дунхуандагы жана Мирандагы иш кагаздары; 6) тиричилик буюмдарындагы белгилер (буюм ээсинин ысмы, каалоо). VIII–XI кылымдарда Енисей боюнда жаралган рун жазуулары Таластагы жазуулар менен жакындыгын түркологдор баса белгилешет. Бул жазуулардын мүнөзүнө караганда атайын жазмакерлерден башка, калктын бир бөлүгү да аны жаза билишкен. Жазууларда сөз чеберчилиги кыйла өздөштүрүлгөн.
Ад.: Кляшторный С. Г. Древнетюркские рунические памятники как источник по истории средней Азии. М., 1964; Жумагулов Ч. Эпиграфические памятники Киргизии. Ф., 1988. К. Табалдиев.