БАКАЙ-АТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКАЙАТА (1992-ж. чейин Ленинполь) - Талас обл-ндагы кыштак. Бакайата р-нунун ж-а аты окшош айыл өкмөтүнүн борбору. Талас - Тараз (Казакстан) автомобиль жолунан 8 км түштүктө жайгашкан. Облустун борбору Талас ш-нан 32 км түш.-ба­тыш тарапта. Жам­был темиржол бекети­нен (Казакстан) 90 км.
Кыштак 1882-ж. жа­наша жайгашкан Гне­денфельд, Гнаденталь, Кененненталь ж-а Ни­колайполь айылда­рынын кошулушунан пайда болгон. Деңиз деңг. 1149 м бийик­тикте. Калкы 7215 (2002); негизинен мал чарбасында ж-а дый­канчылыкта эмгекте­нет. Үч орто мектеп, 2 балабакча, оорукана, дарыкана, мад-т үйү, балдардын психо­неврологиялык жатак муз. мектеп-интерна­ты, чакан дүкөндөр, кафе-барлар бар. Кыш­такка жакын жерден акиташ кени чыгат.
Улуу Ата Мекендик согушта курман бол­гондорго эстелик тур­гузулган. Б-нын план­далган түзүлүшүнө немистик шаар куруу мү­нөздүү; көчөлөрү түптүз, чатырлары тик ж. б. Кыштакта Сов. Союз. Баатыры К. Г. Роденко туулган.