БАКАЛАВРИАТ
БАКАЛАВРИАТ - ил. багытта бакалаврларды даярдоо программасы б-ча базалык жогорку билимге ээ болуунун негизги бөлүгү. Толук эмес жогорку билими барлар үчүн окуу мөөнөтү 2 жыл. Бул программаны өздөштүргөн адам бакалавр даражасын алат ж-а төмөндөгүдөй иштерди аткарууга даярдалат: кесиптик билим берүү программасы м-н аныкталган ишмердикти аткаруу; изилдөө иши м-н байланышкан маселелерди өзалдынча чечүү; тийиштүү багыт б-ча окуусун магистратурада улантуу.