БАКАЛАВРИАТ
БАКАЛАВРИАТ - илимий багытта бакалаврларды даярдоо программасы боюнча базалык жогорку билимге ээ болуунун негизги бөлүгү. Толук эмес жогорку билими барлар үчүн окуу мөөнөтү 2 жыл. Бул программаны өздөштүргөн адам бакалавр даражасын алат ж-а төмөндөгүдөй иштерди аткарууга даярдалат: кесиптик билим берүү программасы м-н аныкталган ишмердикти аткаруу; изилдөө иши м-н байланышкан маселелерди өз алдынча чечүү; тийиштүү багыт боюнча окуусун магистратурада улантуу.