БАКАСОВА Зарыл

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКАСОВА Зарыл (1932-ж. т., Чүй обл., Чүй р-ну, Онбиржылга айылы) - химия илимд. док­тору (1977), проф. (1992), Кырг. ССР ИАнын корр. мүчөсү (1984). КРдин илимге эмг. сиң. иш­мери (1993).

КМУну (1952), СССР ИАнын Кырг-ндагы филиалынын Химия ин-ту­нун аспирантурасын бү­түргөн. КР УИАнын Химия ж-а хим. технология ин-тун­да ил. кызматкер, 1964- жылдан лабор. башчысы.
Физиол. активдүү бирикме­лердин химиясы ж-а техно­логиясы б-ча ил. иштерди жүргүзүп, амин кислотала­рынын негизинде биол. активдүү бирикмелер­ди ачып, аны эл чарбасында рационалдуу пай­далуунун теор. негизин иштеп чыккан, 300дөн ашык ил. эмгеги, а. и. монография, 28 авто­рдук күбөлүгү бар.
Эмг.: Динатриймонокобальт глутаминат и его аналоги. Б., 1991; Синтез оптических активных Ь-амино­кислот, их сложных эфиров, Ы-ацильных производных. М., 1999.