БАКИЕВ
БАКИЕВ Курманбек Салиевич [1. 8. 1949-ж. т., Жалалабат обл., Сузак р-ну, Масадан (азыркы Тейит) айылы] - мамлекеттик ишмер; Кыргыз Республикасынын Президента (2005-жылдан).

КРдин өнөржайга эмг. сиңирген кызматкери. 1978-ж. Куйбышев политехника интун бүтүргөн. Эмгек жолун 1972-74-ж. РФтин Куйбышев (азыркы Самара) ш-ндагы Куйбышев балык з-дунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган. 1974-76-ж. Сов. Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1976-79-ж. Куйбышев ш-ндагы Масленников атн. з-ддо электр-механик, инженер-электрик, 1979-83-ж. Жалалабат ш-ндагы штепселдик ажыраткычтар з-дунун информатикалыкэсептөө борборунда инженер-математик, начальник, 1985-90-ж. Көкжаңгак ш-ндагы «Профиль» з-дунун директору, 1990-91-ж. Кырг-н КП Көкжаңгак шааркомунун 1-секретары, шаардык кеңештин төрагасы, 1991-92-ж. Эл депутаттарынын Жалалабат обл. кеңешинин төрагасынын орунбасары, 1992-94-ж. Тогузторо р-ндук мамл. администрация башчысы - акими, 1994- 95-ж. КРдин Мамлекеттик мүлк фондусунун төрагасынын орунбасары, 1995-97-ж. Жалалабат обл. мамл. админ. башчысынын биринчи орунбасары, губернатору. 1997-2000-ж. Чүй обл. мамл. администрация башчысы - губернатору, 2000-02-ж. КРдин Премьер-министри. 2002- 05-ж. КР Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты. 2004-жылдан мурдагы бийликтин саясатына каршы күрөшкөн оппозициячыл «Кыргызстан элдик кыймылы» саясий күчтөр бирикмесинин Борб. кеңешинин төрагасы. 2005-жылдын мартынан КРдин Премьер-министри, КРдин Президентинин милдетин аткаруучу. 2005-жылдын 10-июлунда өткө-


рүлгөн президенттик жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Б. мамл. деңгээлдеги коомдук ишмер катары өткөн кылымдын 90-жылдарында тааныла баштаган. Залкар держава - Советтер Союзунун «өзүнөн-өзү» кыйрап (1990), анын курамындагы Союздук респ-дын ар бири өз бет алдынча мамлекет болуп бөлүнүп кеткен доордон (глобалдык окуядан) баштап, ал Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү үчүн болгон тагдыр чечүүчү күрөшкө активдүү катышкан ж-а ушундай жөнөкөй эмес максаттардын ишке ашырылышына өзүнүн омоктуу салымын кошкой. Ошол тарыхый өткөөл мезгилде өзү өтөп келген кызматтарынын (аким, губернатор, премьер-министр, ЖКнын депутаты) практикасынан алынган саясий тыянактардын жыйынтыгы катары «Жолду баскан арбытат» («Дорогу осилит идущий») аттуу китебин 2003-ж. орус тилинде жарыялаган. Ал китепте жаш мамлекет - Кырг-ндын алгачкы кадамдарын ж-а жетишкен ийгиликтерин көрсөтүү м-н катар, мамлекет башкаруудагы кетирилип жаткан кемчиликтердин бир кыйласы сындалган. Айрыкча, ошол мезгилде баш көтөрүп калган жаңы замандын зыяндуу туундусу - коррупция көрсөтүлгөн. Ошону м-н бирге бул китепте көтөрүлгөн теор. жоболордун өзөгү, негизинен Кыргызстан үчүн жакынкы келечекте жүргүзүлүүгө тийиш болгон саясий, социал.-экон., маданий, ил. ж. б. багыттарды камтыган реформаларга арналган. Автордун ошол кездеги (2003) кыргыз коомчулугунун талкуусуна алып чыккан курч дискуссиялык материалдары Президент Б-дин мамл. көп кырдуу саясатынын башатын түздү. Бир нече түрдөгү программаларга, практикалык иш-чараларга негиз болуп берди. Президент Б-дин мамл. ишмердүүлүгүндө, о. эле кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн соңку тарыхында, мазмуну ж-а масштабы жагынан эбегейсиз зор тарыхый окуя - Шанхай Кызматташтык уюмунун (ШКУ)

Жетинчи саммитинин Кыргызстанда өтүшү, мамлекет башчыларынын бул жыйынына Президент Б-дин төрагалык кылышы Кырг-нга абдан чоң аброй алып келди. «Бишкек саммиты», дүннөлүк коомчулуктун көңүлүнүн борборунда болду. Ал эми кабыл алынган эларалык тарыхый документ - «Бишкек декларациями» Кырг-н үчүн чоң утуш алып келүүгө тийиш. Кыргыз мамлекетинин тышкы саясатынын жыйынтыктары эларалык дипломатиянын лексиконунда кеңири колдонула баштады. Т. Абдылдабеков.