БАКИР
БАКИР уулу Турсунбай (17. 3. 1958-ж. т., Ош обл., Карасуу ш.) - коомдук ишмер, КРдин алгачкы Акыйкатчысы (2002-жылдан). КМУнун тарых факультетин (1984), Киев мамл. ун-ти-

нин аспирантурасын (1990) бүтүргөн. 1975-77-ж. «Ошкурулуш» трестинде, Фрунзе темир-бетон буюмдарын жасоочу з-дунда жумушчу, 1984-95-ж. ОшМУда окутуучу, улук окутуучу болуп иштеген. КРдин Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты (1995-2000; 2000-02). Философия илимд. кандидаты (1990). Мамл. кызматтын 1-класстагы мамл. кеңешчиси. КРдин Атайын ж-а ыйгарым укуктуу элчиси. Акыйкатчы (Омбудсмен) катары жарандардын укугун өлкөдө ж-а эларалык деңгээлде коргоп келүүдө. Медалдар м-н сыйланган.