БАКИР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:30, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКИР уулу Турсунбай (17. 3. 1958-жылы туулган, Ош облусу, Кара-Суу шаары) - коомдук ишмер, КРдин ал­гачкы Акыйкатчысы (2002-жылдан). КМУнун тарых факультетин (1984), Киев мамлекеттик университети-

нин аспирантурасын (1990) бүтүргөн. 1975-77-жылдарда «Ош­курулуш» трестинде, Фрун­зе темир-бетон буюмдарын жасоочу заводунда жумушчу, 1984-95-жылдарда ОшМУда оку­туучу, улук окутуучу болуп иштеген. КРдин Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыга­руу жыйынынын депутаты (1995-2000; 2000-02). Фи­лософия илимдеринин кандидаты (1990). Мамлекеттик кыз­маттын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. КРдин атайын ж-а ыйгарым укуктуу элчиси. Акый­катчы (Омбудсмен) катары жарандардын укугун өлкөдө ж-а эл аралык деңгээлде коргоп келген. Медалдар м-н сыйланган.