БАКЛАЖАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:09, 31 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКЛАЖАН (Боіапит теіопдепа) - ит жүзүмдөр тукумундагы көп жылдык өсүмдүк. Сабагы ка­туу, бийиктиги 1 м ден ашат. Жалбырагы чоң, гүлү манжа сымал, топ гүлү жалгыздан же чогулган,өңү кызгылтым ­көк.

Мөмөсү алму­рут сымал сүйрү, салмагы 0,4-1 кг, ар кандай түрдө ж-а түстө. Баклажан жылуу ж-а нымдуу жерде жакшы өсөт. Жа­пайы түрү Түштүк Азияда (Индия, Бирма) кездешет. Европада адегенде дары өсүмдүк ка­тары эгилип, 18-к-дан гана тамакка колдонул­ган. Тропик ж-а субтропик алкактарында, КМШ өлкөлөрүндө - Закавказье, Украина, Молдова, О. Азияда айдалат. Курамында кант, май, кальций тузу, фосфор, темир бар. Кыргызстанда эгилүүчү негизги сорттору: Деликатес-163, Дон-14, Симферополь-105. Зыянкечтери: талаа канталасы, ийин чегирткеси ж. б. Илдеттери: кургак чирик, фитофтороз, солуп калуу.