БАКТЕРИЯ ЖЕР СЕМИРТКИЧТЕРИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКТЕРИЯ ЖЕРСЕМИРТКИЧТЕРИ - өсүмдүккө керек микроорганизмдери бар заттар. Ал топу­рактагы биохим. процессти күчөтүп, өсүмдүк азыктануусун жакшыртат. Микроорганизмдер өсүмдүктү көп илдеттен сактайт. Өсүмдүктүн азот, фосфор ж. б. микроэлементтер м-н камсыз болушу жакшырат. Б. ж-нен нитрагин, азот бактерини ж-а фосфор бактерини көп пайдала­нылат. Нитрагин чанактуу өсүмдүктөргө чачы­лат. Ал чанактуу өсүмдүктөрдүн тамыр бакте­риясынан даярдалып, орг. заты көп чөйрөдө кө­бөйтүлөт. Бир г нитрагинде 70-300 млн тамыр бактериясы болот. Люпин, соя, сераделла, жер­жаңгак ж. б. өсүмдүктөргө үрөнү м-н бирге, ал­дынала сууга аралаштырып чаңдатуу, бүркүү м-н колдонулат. Азотбактерин — азотбактерден даярдалган жерсемирткич; орг. заты көп түрдүү топуракта тез өөрчүйт. Стандарт б-ча 1 г азот­бактеринде 50 млндон ашык азотбактер клет­касы болот. Ал өсүмдүктүн козугарын илдети­нен жабыркашын азайтат. Минерал, азот ж-а
орг. жерсемирткичин толук алмашгырбайт. Фос­форбактерин - курамында микроорганизм споралары (1 г да 8—16 млрд) бар боз түстүү күкүм. Ал фосфорду өсүмдүк оңой сиңирүүчү түргө ай­ландырат. Орг. ж-а минералдык жерсемирткич м-н бирге колдонулса, жакшы натыйжа берет. Б. ж. үрөн м-н кошо гектарына 400-500 г себилет.