БАКТЕРИЯЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКТЕРИЯЛАР (гр. Ьаеіёгөи-таякча) - клет­касы прокариот тибиндеги (ядросу жок) бир клеткалуу организмдер. Голл. окумуштуу А. Левенгук өзү ойлоп тапкан микроскоп м-н алгач Б-ды жамгыр суусунда, тиш киринде, топурак­та ж. б. болорун көрүп, сүрөттөп жазган. Фр. окумуштуу Л. Пастер Б-дын зат алмашуусун изилдеп, алардын табияттагы чирүү, ажы­роодогу маанисин, оору козгоочу касиеттерин ачкан. Б. жөнөкөй түзүлүштө болуп, сыртынан клетка кабыкчасы м-н капталат ж-а клетка ортосунан экиге бөлүнүү жолу м-н көбөйөт. Ал тоголок (кокктор), таякча сымал (бациллалар, клостридиялар), ийри-буйру (вибриондор, спи­риллдер, спирохеталар) формада болот; диамет­ри 0, 1-10 мкм, уз. 1-20 мкм, ал эми күкүрт Б-нын уз. 5-100 мкм го жетет. Көбү шапалакча­ларынын жардамы м-н кыймылдайт. Алар ар түрдүү физиол., биохим. касиеттерге ээ. Кээ бир түрлөрү ыңгайсыз шартта туруктуу спора пайда кылат. Кычкылтеги бар (аэробдор), о. эле ал жок жерде (анаэробдор) жашоого жөндөмдүү. Орг. заттар (гетеротрофтор) же орг. эмес заттар­дан орг. заттарды түзүп (автотрофтор) азыкта­нышат. Космополиттер, бардык материкте жа­шайт; топуракта, сууда, абада кеңири тараган. Алардын саны ж-а түрдүк курамы экол. шартка жараша болот. Заттардын табиятта айла­нышында Б-дын мааниси зор. Өсүмдүк ж-а жа­ныбарлардын калдыктарын толук минералдаш­тырып, тирүү клетканын курамына кирүүчү бардык хим. элементтердин айланышына катышат. Көпчүлүгү - киши, мал ж-а өсүмдүктөрдүн оору, ылаң ж-а илдет козгогучтары. Б. тамак-аш, микробиол., химия ж. б. өнөржай тармак­тарында колдонулат.

Бактериялар: 1 - Эль-Тор вибриону; 2 - дизентерия таякчасы; 3 - стафилококк; 4 - менингококк; 5 - пневмококк; 6 - стрептококк; 7 - кептөөр таякчасы; 8 - ботулизм таякчасы; 9 - туберкулёз таякчасы.