БАКТРИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:52, 12 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКТРИЯ , Б а к т р и а н а - Аму дарыянын ортоңку ж-а жогорку агымындагы байыркы тарыхый аймак. Азыркы Өзбекстан м-н Тажик­стандын түштүк ж-а Афганстандын түндүк облуста­рын камтыган. Бактриянын түндүгү Согд аймагы, түш­түгү ж-а түштүк -чыгышы Арахосия ж-а Гандхара, батышы Маргиана м-н чектешкен. Бактрия - Орто Азиядагы дыйканчылык маданиятынын ж-а мамле­кеттүүлүк келип чыккан цивилизациянын байыркы борборунун бири. Бактра анын негизги шаары болгон. Б. з. ч. 6-4-кылымдарда Б. Ахемениддер державасынын, андан соң Александр Маке­донскийдин империясынын курамына кирген. Анын империясы кыйраган соң Бактриянын аймагында Грек — Бактрия падышалыгы түзүлгөн. Ки­йинчерээк Бактрия ж-а Согд аймагында тохар уруу­лары тарабынан негизделген Кушан падышалыгы түптөлгөн. Тохарлардын атынан бул аймак кийин Тохарстан аталып калган. Бактрия - Азиядагы байыркы көркөм маданияттын өнүккөн борборунун бири. Мындан жергиликтүү ж-а алынып келин­ген көркөм буюмдардан турган Аму дарыя казынасы (б. з. ч. 4-2-кылымдар) табылган.