БАКУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКУ , Б а к ы - Азербайжан Респ-нын борбор шаары. Апшерон ж. а-нын түш.-батышында, Каспий деңизинин батыш жээгинде жайгашкан. Калкы 1,1 млн (2005; шаар айланасы м-н 1,8 млн). Ири транспорт түйүнү. Тоңбогон порт.

Шаардын жалпы көрүнүшү.

Паром аркылуу Түркмөнбашы, Бекдаш (Түрк­мөнстан), Актау (Казакстан) ш. м-н байланы­шат. Эларалык аэропорту бар. 1967-жылдан метрополитен иштейт.
Б. шаары ж-дө 5-к-дагы жазмаларда, о. эле 9- 10-к-дагы географтардын (аль-Истахри, аль-Ма­суди ж.б.) эмгектеринде айтылып, мында нефть алынары белгиленет. 12-15-к-да Б-нун нефтиси Чыгыш өлкөлөрүнө чыгарыла баштаган. 12-к­дын 2-жарымында Б. аз убакытка Ширван пады­шалыгынын борбору болуп турган. Б-ну 1540-ж. Сефевилер, 16-к-дын 80-жылдарында түрктөр, 1723-ж. орус аскерлери караткан. 1735-ж. ал Иранга кайтарылган. 1747-жылдан Баку ханды­гынын борбору болуп калган. 1804-13-ж. орус - иран согушунун жүрүшүндө Б. Россияга ко­шулган (1806). 1917-ж. 31-октябрда (13-ноябрь) Б-да Совет бийлиги жарыяланган. 1918-ж. 31- июлда ички ж-а тышкы контррев-ячыл күчтөр­дүн аракети м-н Совет бийлиги кулатылат. 1920-ж. 28-апрелде Азербайжан ССРинин түзүл­гөндүгү жарыяланып, Б. анын борборуна айлан­ган. 1991-жылдан Азербайжан Респ-нын борбору.
Баку бухтасынын жээктеринде ширваншах капкасынын калдыктары (1235), шаардын ба­йыркы бөлүгүндө Ичери-шехер чеби (12-к.), чеп­тин ички аймагында Мухаммед мечити ж-а Сы­нык-Кала минарети (1078-79), Кыз-Кала муна­расы (12-к-да кайрадан курулган), ширваншах сарайлар ансамбли (15-к.), Жума мечити (14-к.), Диван-хан, Шемахин дарбазасы, Хажи-хамма­ли мончосу ж. б. сакталган. Чептен сырткары кербен-сарайлар, овдан (жер астындагы суусак­тагыч), турак үйлөр ж. б. курулган. 1810-жыл­дан чепти айланта курулуштар башталган. 19- 20-к-да эллектизм ж-а модерн стилиндеги курулуштар ургаалдуу өнүккөн. 1920-30-ж. шаардын эски райондору жаңыланып, бир топ аянт ж-а парктар пайда болгон. Шаардын азыркы көрүнүшүнө арх. О. Дадашев м-н М. Усейнов­дордун салымы чоң. С. Низами атн. кинотеатр, Азербайжан политех. ин-ту (1993-жылдан ун-т), Өкмөт үйү (1952), респ. стадион (1952), аэровокзал (1964), мейманканалар («Интурист», «Азербайжан», 1969; «Москва», 1978), «Гүлстан» ку­баныч сарайы (1980), метрополитен иштейт. «Ба­кунун 26 комиссарын атып өлтүрүү» горельефи (1924-46, 1958-ж.) орнотулган.
Б. - өлкөнүн ил., маданий борбору. Азербайжан УИА (1945), 90дон ашык ил. мекемелер, (315 жалпы билим берүүчү мектеп, 36 ЖОЖ (фи­лиалдары м-н; а. и. 17си мамл.), Баку (1919), Азербайжан пед. (1921), Азербайжан мед. (1930) ун-ттери, Азербайжан нефть (1920-жылдан), денетарбия ж-а спорт, авиация (1992), мамл. башкаруу (1999) академиялары, консерватория (1921, 1991-жылдан У. Гажибеков атн. Муз. академия), жогорку аскер окуу жайы ж. б. бар. М. Ф. Ахундов атн. (1923), академиялык (1925) китепканалар, улуттук драма (1920-жылдан), орус драма (1923), М. Ф. Ахундов атн. опера ж-а балет (1920), Ш. Курбанов атн. муз. комедия (1938), куурчак (1931), «Йуг» (1993), «Пантомима» (2000) ж. б. театрлар, 26 музей (а. и. Азербайжандын көзкаранды эместиги, Р. Мустафаев атн. иск-во, Низами атн. Азербайжан ад-ты, Л. Керимов атн. Азербайжан килеми ж-а элдик жасалга-колдонмо иск-во, Азербайжандын муз. мад-ты) иштейт. О. эле П. БюльБюль оглы, М. Магомаев, У. Гажибеков, С. Вур­гундун үй-музейлери, сүрөт гал., филармония (анын курамында У. Гажибеков атн. симфони­ялык, камералык, улуттук аспаптар, мамл. эстрада оркестрлери, хор капелласы иштейт), киностудия («Азербайжанфильм», 1923), цирк, бал­дардын белгилүү шахмат мектеби (Г. Каспаров, Т. Ражабов ж. б. окуган) ж. б. бар.
Б. - Азербайжандын ири өнөржай (респ-нын өнөржай өндүрүшүнүн 60%тен ашыгын, чыгарылган продукциянын 60%тен ашыгын берет) борбору. Нефть, газ, нефть ажыратуу, нефть­хим. (шина, тиричилик химиясы), кара ж-а түс­түү металлургия (болот, куюу, болот арматура өндүрүшү з-ду), машина куруу (а. и. нефть өнөр­жайына керектүү жабдуулар), радиоэлектроника, жеңил (буткийим, пахта ф-касы), электр­тех., тамак-аш (шампан, шарап, эт комбинат­тары) өнөржайлары бар.
Ад.: Ашурбейли С. Б. Очерк истории средневекового Баку (VIII - начало XIX вв.). Баку, 1964; Брета­ницкий Л. С. Баку. 2-е изд. Л.; М., 1970. Р. Карачалова, А. Орозов.