БАКЫТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:09, 10 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКЫТ - адамдын иш-аракети натыйжалуу болуп, олуттуу каалоолору, көздөгөн максаты ишке ашып, өзү басып өткөн жолго, өз турму­шуна алымсынуу абалын билгизген этикалык түшүнүк. Бакыттын маанисин туура түшүнүү адам­дын өмүрүнүн мазмуну менен максатын тактоого байланыштуу. Байыркы грек ойчулдары (Сократ, Платон, Эпикур, стоиктер) Бакыттын теория­лык мазмунун аныктоого аракеттенишкен. Бирок алар жеке адамдын коомдук өнүгүшкө бай­ланышпаган бактысы жөнүндө жалпы эреже түзүүнү көздөшкөн. Ошондуктан Бакытты айрымдары дене менен жандын жыргашы же керт башынын камын ойлоо десе (Гедонизм, Утилитаризм), кээ бирлери бул дүйнөнүн ыракатынан безип, өзүн тигил дүйнөгө багыштоо (к. Аскетизм) деп бил­ген. XVIII кылымда француз материалисттери адамдын бактылуу болушун алардын материалдык мү­дөөсүнүн канааттанышы менен, ал эми Л. Фейербах болсо Бакытты махабат менен байланыштырган.