БАКЫЯН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:17, 13 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАКЫЯН - Талас облусунун Кара-Буура районунда­гы кыштак. Бейшеке айыл өкмөтүнө караштуу. Талас-Тараз (Казакстан) автомобиль жолунун ж-а Талас суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 887 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ба­кай-Ата кыштагынан 55 км түндүк-батыш тарапта. Маймак (Казакстан) темир жол бекетинен 67 км. 1921-жылы негизделген. Калкы 2857 (2022); негизи­нен тамекичиликте ж-а мал чарбасында эмгек­тенет. Орто мектеп, ФАП, клуб, китепкана, тур­муш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар.