БАЛА-ЧЫЧКАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛАЧЫЧКАН , К у й б ы ш е в - Жалалабат обл-нун Токтогул р-нундагы кыштак. Жаңыжол айыл өкмөтүнө караштуу. Аты окшош суунун боюнда, деңиз деңг. 1370 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Токтогул шаарчасынан 3 км, Ташкөмүр темиржол бекетинен 186 км. 1936-ж. отурукташкан. Калкы 3660 (2005); не­гизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мек­теп, ФАП, китепкана бар.