БАЛБАЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:01, 13 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛБАЙ , С а р ы - Б у л а к - Ысык-Көл облусунун Түп районундагы кыштак. Сары-Булак айыл өкмөтүнө караштуу. Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүк-чы­гышында, Түп булуңунан түндүгүрөөк, Балыкчы - Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1690 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Түп кыш-нан 9 км түндүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 178 км. 1890-жылы отурукташкан. Калкы 2116 (2005); не­гизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мек­теп, бала бакча, медпункт, китепкана, турмуш ­тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, соода борбору бар. Бугу уруусунун белгилүү манабы Бал­байдын ысымынан аталган.