БАЛБАЛДАР
БАЛБАЛДАР - көчмен түрк урууларына тиешелүү жылмаланып иштетилбей эле тигинен орнотулган таш мамычалар. Орхон жана енисей рун жазууларында «балбал» деп жоокердин согуш талаасында өлтүргөн душманына атап орнотулган кой таш айтылат. Балбалдар түшүнүгү жана анын жасалыш өзгөчөлүгү таш айкелдерден (к. Айкел) кескин айырмаланат. Таш айкелдер байыркы түрк маданиятын чагылдырган искусство үлгүсү эсептелинип, анда аны жасаган уста каармандын тыш келбетин, баш кийимин, кемер жана жоо куралы сыяктуу белгилерди ташка чегүүгө аракет жасаган. Балбалдар өлтүрүлгөн душманга атап коюлгандыктан, ага көркөм шөкөт берүүнүн кажети деле болгон эмес. Ошондуктан байыркы түрктөрдүн журт башчыларына, баатыр жоокерге багышталып, адегенде таш айкелдер орнотулуп, андан соң адамдын колу тийбеген жана көркөмдөлүп ишгетилбеген жумуру таштар коюлган. Рун жазууларында, айрыкча кытай жазма булактарында белгиленгендей: «эгер ал бир адам өлтүрсө, анда бир таш коюлат... Айрымдардын мындай таштары жүзгө, кээде миңге жетет». Рун жазма эстеликтеринин эч биринде Балбалдар аталышы көркөмдөлүп иштетилген айкел деп берилбейт жана аларда айтылган маалымат түрмөгүндө Балбалдар деп - кодура, кой таш аркылуу душмандын образын туюнтуу байкалат..М. Кожобеков.


