БАЛГАРТ ӨРӨӨНҮ
БАЛГАРТ ӨРӨӨНҮ Ички Теңиртоодо. Жетимбел, Жетим, Үчемчек тоолору м-н курчалган. Карасаз, Буркан ж-а Арчалы сууларынын төмөнкү агымында жайгашкан. Уз. 82 км, эң жазы жери 7 км. Өрөөндүн деңиз деңг. бийикт. 2700-3400 м. Чыгышы тектирлүү; түштүгүндө шиленди ж-а бийик кашаттар м-н Арчалы суусунун шиленди конустары, түндүгүндө мөңгү таштарынан пайда болгон дөңсөөлөр жатат. Борб. бөлүгү түзөң. Өрөөн гранит, кумдук, сланец тоотектеринен түзүлгөн. Алардын үстүндө чополуу ж-а плейстоцендин шиленди катмарлары жатат. Түзүлүшү б-ча - грабен-синклиналь. Климаты континенттик. Кышы суук, январдын орт. темп-расы -13...-14°С, жайы салкын, июлдуку 8-9°С. Жылдык жаан-чачыны 300-400 мм. Каракаман, Буркан тоолору мөңгүлүү. Жылуусуу, Арчалы, Жылаңач, Каракаман, Балгарт, Карасаз ж-а Буркан суулары кошулуп, Кичи Нарынды түзөт. Б. ө-ндө саз көп кездешет; жер астындагы сууларга бай. Кыртышы кумдак боз топурактуу. Шалбаа ж-а талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Жайыт. Топоним балык ж-а арт (ашуу) сөздөрүнөн түзүлгөн; «балыктуу суу ашуусу» маанисин туюндурат.