БАЛГАРТ ТООСУ
БАЛГАРТ ТООСУ Тескей Алатоодо; түндүгүнөн Үчемчек, түштүгүнөн Буркан сууларынын өрөөндөрү м-н чектешет. Жерг. эл «Төнөктоо» деп да атайт. Уз. 45 км, туурасы 8-10 км, орт. бийикт. 4000 м. Генезистик тиби - горст-антиклиналь. Палеозойдун кумдук, акиташ тектеринен турат. Чыгыш бөлүгүндө байыркы муз м-н жылмаланган тайпак чокулар бар. Батышка карай бийиктеп, тоо кырларында мөңгү жатат. Тескейи зоокалуу ж-а мөңгүлүү, майда суулар м-н тилмеленген. Күнгөй бетинде төрлөр бар. Альп шалбаасы, субнивалдык ж-а нивалдык ландшафттар мүнөздүү.