БАЛГАРТ ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:25, 13 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛГАРТ ТООСУ Тескей Ала-Тоодо; түндүгүнөн Үч-Эмчек, түштүгүнөн Буркан сууларынын өрөөн­дөрү м-н чектешет. Жергиликтүү эл «Төнөк-Тоо» деп да атайт. Узундугу 45 км, туурасы 8-10 км, орточо бийиктиги 4000 м. Генезистик тиби - горст-антиклиналь. Палеозойдун кумдук, акиташ тектеринен турат. Чыгыш бөлүгүндө байыркы муз м-н жылмалан­ган тайпак чокулар бар. Батышка карай би­йиктеп, тоо кырларында мөңгү жатат. Тескейи зоокалуу ж-а мөңгүлүү, майда суулар м-н тил­меленген. Күнгөй бетинде төрлөр бар. Альп шалбаасы, субнивалдык ж-а нивалдык ланд­шафттар мүнөздүү.