БАЛДАР ТЕАТРЫ
БАЛДАР ТЕАТРЫ - репертуары, негизинен жаш жеткинчектерге ж-а өспүрүмдөргө арналган профессионалдык театр. Б. т-нын репертуарын балдарды идеялык ж-а эстет. жактан тарбиялоочу спектаклдер түзөт. Б. т. Кырг-нда 1936-ж. уюштурулган. Анын уюштуруучусу ж-а директору О. Сарбагышев болгон. Алгачкы жолу Н. В. Гоголдун «Үйлөнүү» комедиясы коюлган. 1941-ж. жаңыдан уюшулган Кыргыз мамл. драма театрына кошулган.