БАЛЕТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:44, 11 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЕТ (французча Ьаііеі, итальянча Ьаііеііө) - ыргактуу кыймыл-аракет жана бий каражаттары аркылуу айтылуучу ойду, чыгарманын мазмунун угуу­чу-көрүүчүлөргө жеткире алган сахна өнөрү.Жалпы драматур­гиялык пландын (сценарийдин) не­гизинде Балет музы­каны, хореогра­фияны (бий, пан­томима), сүрөт өнөрүн (декора­ция, костюмдар, жарык берүү жана башкаларды) өзүнө камтыйт. Азыркы европалык Балет Кайра жаралуу доорунда пайда болгон. Туңгуч Балет спектакли Ита­лияда XV–XVI кылымдарда

Кыргыз ССР эл артисти Р. Чокоева «Ак куу көлү» балетинде Одилиянын партия­сын аткарууда.

, Францияда XVI кылым­дын 2-жарымында (Б. Бальтазаринин «Короле­ванын комедия балети», 1581) жаралган. XVIII кылымда Англияда, Австрияда, кийинчерээк Францияда өз алдынча сахна өнөрү катары толук калып­танган жана таанылган. Россияда 1730-жылдан сахнада Балет оюндары үзгүлтүксүз коюла баштайт. Франция менен Россиядагы Балет өнөрүнүн табылга­лары романтикалуу Балеттин жаралышын шарт­тайт. Бара-бара бийдин жаңы түрлөрү, аялдар­дын аяк учу менен бийлеши пайда болот. Ушул багыттагы балеттик спектаклдердин бири – Адандын «Жизель» балети (1841). Балет XIX–XX кылымдарда ал­дыңкы өлкөлөрдө улуттук маданияттын өнүккөн түрүнө айланат. Композитор-симфониячылар­дын Балет өнөрүнө кайрылуусу маанилүү көрүнүш болгон, мисалы, П. И. Чайковскийдин «Уйкудагы сулуу» (1890), «Щелкунчик» (1892; Л. Иванов менен бирге), А. Глазуновдун «Раймонда» (1898) балеттеринде музыкадагы ойлор менен сезимдер бий аркылуу туюнтулган. Б. Асафьевдин («Париж жалыны», «Бахчисарай фонтаны»), Р. М.Глиэрдин («Кызыл гүл»), А. И. Хачатуряндын («Гаянэ», «Спартак»), С. С. Прокофьевдин («Ромео жана Жульетта»), А. Крейндин («Лауренсия»), К. Караевдин («Жети сулуу») чыгармалары Балет өнөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошту. Кыргызстанда Балет өнөрү классикалык бийди өздөштүрүүнүн, эл турмушун жана үрп-адатын үйрөнүүнүн неги­зинде келип чыккан. Кыргыздын туңгуч бийле­ри 1937-жылы «Алтын кыз» музыкалык драмасында жана «Айчүрөк» операсында (1939; балетмейстер Н. С. Холфин) колдонулган. «Анар» балети (1940) - кыргыздын улуттук Балет өнөрүнүн саама­лыгы. Кыргыз Балетинин өсүшүнө бийчилер Б. Бей­шеналиева, Р. Чокоева, Ч. Базарбаев, А. То­комбаева жана башкалар зор салым кошкон. Бий муга­лимдерин жана балетмейстерлерди Москвадагы А. Луначарский атындагы мамлекеттик театр институту, Ле­нинграддагы Н. Римский-Корсаков атындагы консерватория, Кыргызстанда Ч. Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы даярдайт.

К. Молдобасановдун «Саманчы жолу» балет-орато­риясынан көрүнүш.


Ад.: Слонимский Ю. И. Советский балет. М.; Л., 1950; Львов Н. Киргизский театр. М., 1953; Бруд­ншй Дм. Киргизский балетный театр. Ф., 1968; Бибисара Бейшеналиева. Ф., 1974; Р. Уразгильдеев. Киргизский балет. Ф., 1983. Р. Уразгильдеев.