БАЛКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛКА - 1) мыкты кагып киргизүү, бир нерсе­ни ургулоо үчүн колдонулуучу ар түрдүү салмактагы саптуу аспап. Ал темирден жасалып, жы­гач сапталат. Бардык усталарга керектүүсүн чоң Б., зергерлер узануучусун теке Б., чалгы чыңдоо­чунукун чалгы Б., өтүкчүлөр колдонгонун кичине Б. деп аташкан; 2) жумуш жасоочу аспабы алга умтулма кыймылда болгон урма машина.