БАЛКАШ
БАЛКАШ — Казакстандын чыгышындагы туюк көл. Балкаш-Алакөл ойдуңунда (деңиз деңг. 342 м бийикте), аянты 17ден 22 миң км2ге чейин өзгөрүп турат. Тереңдиги 26,5 м ге чейин. Суусунун орт. көлөмү 105 км3. Булуң-буйткалуу. Сары-Эшик ж. а. көлдү экиге бөлөт. Батышынан Иле, чыгышынан Каратал, Аксуу, Лепсы ж. б. дарыялар куят. Б. көлүнүн батыш бөлүгүнүн суусу тузсуз, таза, чыгышыныкы туздуураак. Көлде жалпы аянты 66 км2 жеткен 43 арал бар. Алардын ирилери - Басарал, Тасарал. Иле д-нын сугатка көп таралышы көлдүн туздуулугун күчөтүп, деңгээлинин төмөндөшүнө шарт түзүүдө. Ноябрда тоңуп, апрелде ачылат. Балык (сазан, судак, сом ж. б.) кармалат. Кеме жүрөт. Боюнда Балкаш ш. бар. Негизги пристандары: Бурылдайтал, Бурлитөбө.