БАЛЛИСТИКАЛЫК РАКЕТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЛИСТИКАЛЫК РАКЕТА (гр. Ьаііо - ыргытам) - кыймылдаткычтарын өчүргөндөн кийин баллистикалык траектория б-ча учуусун улан­туучу ракета. Ал айрым учурда аэродинамикалык туруктуулукту камсыз кылуучу турактооч (стабилизатор) м-н жабдылат. Анын (континент аралык Б. р-ны кошкондо) согуштук ракеталар, алып жүрүүчү-ракеталар, космос ракетасы ж. б. түрлөрү бар. Анын канаттуу ракетадан айыр­масы учуп баратканда аэродинамикалык кө­төрүү күчүн жаратуучу алып жүрүүчү бети (аянт­часы) жок. Ал бир ж-а көп баскычтуу болушу мүмкүн.