БАЛТЫРКАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛТЫРКАН (Негасіеит) — өсүмдүктөрдүн чатыр гүлдүүлөр тукумундагы уруусу; эки же көп жылдык чөп. Сабагы түктүү, катуу, көңдөй, би­йикт. 1—1,5 м. Жалбырагы татаал же үч ача кесилген. Моно­же поликарптык өсүмдүк. Гү­лү майда, ак, сары, жашыл, мала кызыл. Топ­гүлү - татаал чатырча. Мөмөсү - кутуча. Жер жүзүндө 70, Кырг-нда 4 түрү жайлоодо, бөксө тоодо суу жээктеп өсөт. Уругу м-н көбөйөт, кө­пөлөктөр чаңдаштырат. Тоют катары пайдалы­нылат, жаш өркүндөрү желет. Алай тоолорун­да ж-а Чоң Кемин өрөөнүндө эки эндемик түрү өсөт. Уругунда эфир майы, кумарин болгондук­тан, медицинада колдонулат. Б-дын көп түрүнүн ширеси дерматит (күйүк) пайда кылат. Кээ бир түрлөрү кооздук үчүн өстүрүлөт.