БАЛЫШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
13:34, 30 Январь (Үчтүн айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЫШ — саймаланып ж-а куралып жасалган асем буюм, жаздык. Ал башка жаздалып, артка жөлөнгөнгө колдонулат. Б-ка көбүнчө «илме дос», саймасынын «тогуз төбөлөө», «айкеште»

түрү салынат, ал эми курактын «кунаба курак», «айырма курак», «бөрү көз курак», «турна ку­рак» ж. б. түрлөрү Б-тын көркүн ого бетер ачат.
Б. кездемеден тигилип, ичине кебез, жүн, ай­рым учурда куш жүнү да салынат. 12 Б. бир кертимди түзүп, жүктүн үстүнө же өзүнчө жы­йылат. Кырг-ндын түш. аймактарында кеңири колдонулуп, кыздын себине кошуп беришкен. Ө. Осмонов.