БАЛАПАНДУУ КУШТАР
БАЛАПАНДУУ КУШТАР (кызыл эт балапандуу куштар) — жөжөлүү куштардан айырмаланып жумурткасында сарысы (азык-заты) аз болгондуктан, эмбриондук өөрчүү мөөнөтү кыска болгон куштар тобу. Балапаны алсыз, булчуңу начар, сокур, денеси жүнсүз же сейрек тыбыт капталып, дене температурасы туруксуз болот. Алар көпкө чейин уяда болуп, ата-энелери аларды жылытып, тамак ташып багышат. Буларга калак буттуулар, көгүчкөндөр, күкүктөр, тоту куштар, тоңкулдак сымалдар, таранчылар ж. б. кирет. Айрым куштар, мисалы, үкүлөр, жырткыч куштар, жөжөлүү куштар м-н балапандуу куштардын ортосундагы аралык орунду ээлейт. Алардын балапандары жумурткадан чыкканда эле калың тыбыт м-н капталып, жырткыч куштардын балапандарынын көзү көрөт.