БАЛДАК
БАЛДАК - 1) мүнүшкөрлөр кыраан кушту ууга алып чыкканда кондуруп жүрүүчү мүйүздөн же жыгачтан жасалган таяныч ача таякча. Балдактын төмөнкү учу көзөлүп, көк менен ээрдин кашына же аңчынын белиндеги жазы курга тикесинен бекитилет; 2) кылыч, канжар куралдарынын бир тарабы бириктирилген же эки жагы тең ачык кош толтолуу сабы; 3) буту майып адамдар колтугуна такап, басууга ылайыкталган, орто ченинде кармагычы бар, төмөн жагы бириккен, жогору жагы эки ача болуп барып, бир карышча туура жыгачка ашталган таяк; 4) оймо, чийме, саймада колдонулчу бир же эки башы ачакейленген сызыкчалар түшүрүлгөн көчөттөр. Шырдак оюуда, чий чырмоодо, аяк кап, табак кап оймолорунда көчөттөрдү байланыштыруучу жерлерде көбүрөөк колдонулат.