ВЬЕТНАМ
ВЬЕТНА́М , В ь е т н а м С о ц и а л и с т т и к Р е с п у б л и к а с ы – Түштүк-Чыгыш Азиядагы өлкө, Индикытай жарым аралында. Вьетнамдын аймагы кууш тилке түрүндө (жазылыгы түндүгүндө 600 км, борбордук бөлүгүндө 50 км, түштүгүндө 375 км) жарым аралдын чыгышын жээктей меридиан багытында 1750 км аралыкта созулуп жатат.

Түндүгүнөн Кытай, батышынан Лаос ж-а Камбожа м-н чектешип, чыгышынан Түштүк Кытай деңизи ж-а анын булуңу – Бакбо (Тонкин), түштүк -батышынан Сиам булуңу м-н чулганат. Аянты 329,3 миң км2. Калкы 100195275 (2023). Борбору – Ханой ш. Расмий тили – вьетнам тили. Административдик-аймактык жактан 59 провинцияга, өзгөчө округга ж-а борборго баш ийген 5 шаарга; алар 8 экономикалык районго биригет (к. таблица). Тарыхый-географиялык жактан 3кө – Түндүк (Бакбо), Борбордук (Чунгбо) ж-а Түштүк (Намбо) болуп бөлүнөт. Вьетнам – БУУнун (1977), Эл аралык валюта фондунун (1956), Эл аралык реконструкция ж-а өнүгүү банкынын (1956), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (байкоочу катары), Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясынын (1975) мүчөсү. Акча бирдиги – донг.
Экономикалык райондору (2006) (Таблица бар)
(Экономикалык райондору
Аянты,
км2
Калкы, миң
Башкы шаары
Меконг дельтасы
39738,7
17743,3
Кантхо
Тоолуу Борбор (Борбордук бөксөтоолору)
54473,7
4463,5
Далат
Түндүк-Батыш
Түндүк-Чыгыш
37336,9
63629,8
14394,0
Хоабинь
Тхайнгуен
Түндүк деңиз бою борбору
51510,8
11005,8
Хюэ
Түштүк деңиз бою борбору
33069,0
8884,2
Дананг
Түштүк-Чыгыш
34743,1
11176,6
Хошимин
Хонгха дельтасы (Кы-зыл д-нын дельтасы)
14812,5
16276,9
Ханой
)
Мамлекеттик түзүлүшү. Вьетнам– унитардык мамлекет. Конституциясы 15-апрелде 1992-жылы кабыл алынган. Мамлекеттик ж-а мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу Улуттук чогулуш, ал 4 жылга шайланат. Мамлекет башчысы – президент, аны Улуттук Чогулуш 5 жылга шайлайт. Ал Улуттук коргоо советинин да төрагасы. Аткаруу бийлигин премьер-министр жетектеген Өкмөт – Министрлер Совети ишке ашырат.
Башкаруучу партия – Вьетнам коммунисттик партиясы – өлкөдөгү жалгыз саясий партия болуп саналат.
Табияты. Жээктери негизинен жапыз, кумдуу, начар тилмеленген. Жээк сызыгынын узундугу 2500 кмден ашык. Түндүгүндө Бакбо (Тонкин) булуңу ж-а андагы Файтсилонг архипелагы, түштүгүндө зор Камау жарым аралы жайгашкан. Кеме токтоого ыңгайлуу бухталар ж-а булуңдар аз. Эң ыңгайлуу табигый гаваны – Камрань булуңу. Жеринин бетинин басымдуу бөлүгүн, негизинен түндүгүн, түндүк-батышын ж-а ички аймактарын тоолор (негизинен орто бийик ж-а жапыз) ээлейт. Алар өрөөндөр м-н терең тилмеленген. Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө бири-бирине жарыш жаткан кырка тоолор ж-а түштүк-чыгыш багытта созулган тоо массивдеринин тизмеги басымдуулук кылат. Алардын капталдары көбүнчө жантайыңкы. Эң бийик кырка тоосу – Хоангльеншон (Фанши чокусу, бийикт. 3143 м), эң узуну – Чыонгшон (узундугу 300 кмдей). Түштүк бөлүгүндө тоолору кыры жайпак жазы массивдерден, бөксө тоолордон ж-а платолордон туруп, узатасынан созулган тилкени түзөт. Алардын басымдуу бийиктиги 500–1500 м, эң бийик жери – 3280 м. Эң ирилери – Контум, Дарлак, Мнонг бөксө тоолору ж-а платолору. Жээктеринде түздүктөрдүн эң ирилери, түндүк бөлүгүндө [Хонгха (Кызыл) ж. б. дарыялардын төмөнкү агымдары ж-а дельталары] ж-а түштүгүндө (Меконг дарыясынын дельтасы) жайгашкан. Түндүк Вьетнамдын түндүк-чыгыш бөлүгү тектоникалык жактан Түштүк Кытай платформасына, түштүк-батышы мезозоид бүктөлүү системасына кирет. Вьетнамдын түндүк бөлүгү кен байлыкка бай ж-а ар түрдүү; алардын негизгилери: таш көмүр, темир кенташы, коргошун ж-а цинк, боксит, калай, сейрек жер элементтери. Түштүгүндө таш көмүрдүн, алтындын, молибдендин кендери бар. Климаты муссондук, субэкватордук, түштүгү ысык, түндүгү кышында муздак; нымдуу муссон соккон мезгилде жаан-чачын эң көп жаайт. Өлкөнүн басымдуу бөлүгү үчүн эң нымдуу жайкы түштүк-батыш же түштүк-чыгыш муссону, эң кургакчыл кышкы түндүк-чыгыш муссону болуп саналат. Жапыз жайгашкан аймактарында эң суук айынын орточо температурасы түндүгүндө 15°Сден (январь), түштүгүндө 25,8°Сге чейин (декабрь), эң жылуу айыныкы (түндүгүндө – июнь, июль, түштүгүндө – апрель) 28–29°С. Кышында түндүгүндө 1500 м бийиктиктен жогору үшүк жүрөт. Жаан-чачындын жылдык өлчөмү 1500–2000 мм, айрым жерлеринде (негизинен тоолордо) 3000 ммден ашык. Өлкөнүн бүт аймагында (чыгыш жээк тилкесинин Зинь тумшугунан Бакбо булуңуна чейинки аралыгынан тышкары) жылдык жаан-чачындын 80%ке жакыны май – октябрь, чыгыш жээк тилкесинде август–январь айларына туура келет. Жайдын 2-жарымында ж-а күзүндө Вьетнамдын түндүгүндө тайфун болуп турат. Дарыя тармагы жыш, алардын бардыгы Түштүк Кытай деңизинин алабына кирет. Босоголуу. Муссондук жамгырдын сезонунда дарыяларынын деңгээли кескин (10 мге, кээде анданда бийик) көтөрүлүп, чыгымы он эсеге чейин көбөйөт. Түндүктүн ж-а түштүктүн дарыялары бүт, өлкөнүн борбордук бөлүгүндөгү тоолордун батыш капталдарынан башталган дарыялары июнь – октябрь, өлкөнүн борбордук бөлүгүнүн чыгыш тоо капталдарынын дарыялары сентябрь–декабрь айларында ташкындайт. Дарыяларынын сугатта ж-а жергиликтүү жүктү ташууда мааниси зор. Негизги дарыялары: түндүгүндө – Хонгха (Кызыл; Вьетнамдын чегиндеги узундугу 475 км) ж-а анын ири куймасы – Да (Кара); түштүгүндө – Меконг (Вьетнамга төмөнкү агымы, 220 кмдей бөлүгү гана тиешелүү).
Тоонун латерит топурактары үстөмдүк кылат; жээк тилкесине ж-а жапыз тоолоруна кызыл сары латерит, дарыя дельталарына аллювий, Меконг дарыясынын дельтасынын сырткы чет-жакаларына ж-а жээктин башка жерлерине саздашкан шор топурактары мүнөздүү. Жеринин бетинин 1/ ине жакынын тропиктик ж-а субтропиктик токойлор ээлейт. Токоюнун басымдуу бөлүгү – экинчи жолу өсүп чыккандар. Тоо этектеринде ж-а төмөнкү алкактарында дайыма жашыл тропик токою басымдуу. Түндүгүндө 600– 700 мден жогору, түштүгүндө 1000–2000 м бийиктикте тропиктиктеринде токоюна субтропик ж-а мелүүн климаттуу алкактарга мүнөздүү дарактар (эмен, бук, каштан, кызылкарагайдын түрлөрү) аралаш өсөт. Түштүгүндө жалаң кызыл карагайлуу токойлор кездешет. Бамбук кеңири таралган. Түштүк-батыштын бөксө тоолоруна ж-а платолоруна сейрек саванна токою ж-а саванна мүнөздүү. Жээк түздүктөрүндө маданий өсүмдүктөр басымдуу, пальма, бамбук өсөт. Түздүктөрдүн кыйла бөлүгүн, айрыкча түштүгүн саз өсүмдүктөрү, деңиз суусу киргенде суу астында калган тилкени мангр токою ээлейт.
Калкы. Негизинен вьетнамдар (88%), ошондой эле кытайлар, муонг, мео ж. б. улут өкүлдөрү жашашат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 255 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 67,8 жаш, аялдарыныкы – 73,6 (2005). Элинин 55% будда, 12% таоизм, 10% католик ж. б. диндерди тутушат. Шаар калкы 20,8%. Ири шаарлары: Хошимин, Хайфон, Ханой, Дананг, Хюэ ж. б.
Тарыхы. Вьетнамдагы эң эзелки мамлекеттик бирикме – Ванланг – байыркы вьетнам уруулар союзунун базасында калыптанган. Ванлангдын б. з. ч. 1- миң жылдыкта эле жашагандыгы белгилүү. Кийинчерээк анын ордун Аулак ж-а Намвьет мамлекеттери алмаштырып, б. з. 2-кылымында аларды кытайлар басып алган. Кытай башкаруучуларына каршы боштондук күрөштүн натыйжасында 10-кылымда көз каранды эмес Дайковьет мамлекети орноп, 11–13-кылымда ал борбордошкон күчтүү Дайвьет (1069-жылдан ушундай аталган) империясына айланган. 13-кылымда Дайвьет моңголдордун үч жолку жортуулунун мизин кайтарган. 15-кылымдын башында Кытайдын басып алуу аракетин талкалап, 1427-жылы кытай баскынчыларын өлкөдөн кууп чыккан. 1471-жылы Дайвьет өзүнө коңшу Тьямпа мамлекетин кошкон. 16-кылымдан тартып Инди-кытайга европалык соодагерлер келе баштаган. Вьетнам мамлекетинин аймагы 18-кылымдын аягында негизинен азыркы чегинде калыптанган. 1804-жылы Нгуен династиясы бүткүл империяны борбордоштуруп, өлкө Вьетнам аталган. 19-кылымдын 50–80-жылдары Франция Вьетнамды колониялап алган. 1884-жылдан Вьетнам Франциянын толук колониясына айланган. Франция Вьетнамга Лаос м-н Камбожаны кошуп, Француз Инди-Кытайы деп атаган. 1930-жылы Нгуен Ай Куоктун (Хо Ши Мин) жетекчилигинде түзүлгөн Инди-Кытай коммунистик партиясы (ИККП; 1930-жылы октябрга чейин Вьетнам компартиясы аталган) өлкөдөгү улуттук-боштондук кыймылды жетектеген. 1941–45-жылдарда Вьетнамды япондор оккупациялап алган. 1945-жылы май айында азаттык үчүн күрөшкөн бардык куралдуу күчтөр биригип, Вьетнам элдик армиясы (ВЭА) түзүлгөн. 1945-жылдын августуна чейин ВЭА өлкөнүн көп бөлүгүн бошоткон. Август революциясынын натыйжасында 1945-жылы 2-сентябрда Хо Ши Мин Убактылуу өкмөттүн атынан Вьетнамдын көз карандысыздык декларациясын ж-а Вьетнам Демократиялык Республикасынын (ВДР) түзүлгөнүн жарыялаган. 1945-жылы француз аскерлери Сайгонду басып алып, өлкөнүн түштүгүндө согуш баштаган. 1946–47-жылдарда француздук аскерлер Вьетнамдын көп шаарын, деңиз боюндагы жерлери м-н түздүктөрүн караткан. 1949-жылы Франция басып алган аймакта Бао-Дай [Вьетнамдын борбордук бөлүгүнүн – француз үстөмдүгүнүн убагындагы Анаманын императору (1926–45); Вьетнамдагы Август революциясы (1945) убагында тактыдан баш тарткан] башкарган марионеткалык «Вьетнам мамлекети» түзүлгөн. Вьетнамдагы согушка 1950-жылдан АКШ ачык кийлигише баштаган. 1950– 51-жылдан согуш операцияларын жүргүзүүдөгү демилге ВДРге өтүп, душмандан бошотулган аймагы кеңейген.

1954-жылы Дьенбьенфу жанындагы салгылаш француз аскерлеринин жеңилүүсү м-н аяктап, Женева келишимдерине (1954) ылайык Франциянын Вьетнамдагы согушу токтогон. Келишимге ылайык 17-параллелдеги демаркациялык чек боюнча Вьетнам эки мамлекетке бөлүнгөн. Өлкөнүн түштүгүндө Вьетнам Республикасы (1959-жылдын 31- декабрында), түндүгүндө 1959-жылы Хо Ши Мин жетектеген Вьетнам Социалисттик Респликасы түзүлгөн. Келишимдерде өлкөнү тынчтык жол м-н бириктирүү максатында эл аралык көзөмөл астында 1956-жылы жалпы эркин шайлоо өткөрүү каралган. Бирок аны АКШнын башкаруучу чөйрөлөрү үзгүлтүккө учуратып, өлкөнү экиге бөлүү үчүн Вьетнамдын түштүгүндө Нго Динь Зьем башкарган сайгондук режимди түзгөн. 60-жылдардын ортосунан вьетнамдык эки мамлекеттин ортосунда куралдуу кагылышуулар башталган. 1961–64-жылдарда Сайгон режимине АКШнын согуштук жардамы күчөйт. Бирок патриоттук күчтөрдүн куралдуу каршылыгы улам күчөп, марионетка режим узакка создуккан кризиске учураган. Нго Динь Зьемдин бийликтен кулашы (1963, ноябрь) режимди кризистен куткарган жок. Андан көп узабай бир катар аскер төңкөрүштөрү болуп, 1965-жылы АКШнын колдоосу м-н генерал Нгуен Ван Тхиеу башкарган аскер хунтасы бийликке келет. Сайгон режимин ж-а Инди-Кытайдагы позициясын сактоого аракеттенген АКШ 1965-жылы мартта Түштүк Вьетнамга түздөн түз куралдуу кол салган. 1968-жылы АКШ Түштүк Вьетнамга америкалык экспедициялык корпусту (1968-жылы жазында 500 миң аскер болгон) киргизүү м-н бирге ВДРге абадан кол салган. Вьетнам маселесин чечүү жолдорун табуу максатында 1968-жылы майда Парижде кош тараптуу (АКШ ж-а ВДР), 1969-жылы январдан төрт тараптуу [(ВДР, Түштүк Вьетнамды боштондукка чыгаруунун улуттук фронту (ТВБЧУФ)], АКШ ж-а Сайгон администрациясы) сүйлөшүүлөр башталган. Бирок АКШ аны согуш жолу м-н чечүүгө ниеттенген.
1973-жылы январда Вьетнамда согушту токтотуу ж-а тынчтыкты калыбына келтирүү жөнүндөгү Париж келишимине АКШ кол койгон. Ал келишимде АКШнын Түштүк Вьетнамда аскерлерин кармоодон баш тартышы, ошондой эле Түштүк Вьетнамда көзөмөлгө алынган эки зонаны [эки администрацияны Түштүк Вьетнам Республикасынын Убактылуу революциячыл өкмөтү (ТВРУРӨ) ж-а Сайгон администрациясы)], эки армияны таанууга негизделип,Түштүк Вьетнам маселесин саясий жол м-н чечүү белгиленген. Сайгон администрациясы милдеттенмесин орундатпай, Париж келишимин бузуп, АКШнын жардамы м-н армиясын кайрадан куралдандырат. Ал согуш потенциалын күчөтүп, патриот күчтөр бошоткон бардык жерди кайра басып алууга умтулат. 1975- жылдагы жазгы чабуул патриоттордун толук жеңиши м-н аяктаган соң Сайгон режими 1975-жылы 30-апрелде кулатылат. Түштүк Вьетнамдын бүткүл аймагын көзөмөлдөө ТВРУРӨнүн колуна өткөн. 1976-жылы 1-июнда өлкөнүн кайрадан кошулганы ж-а Вьетнам Социалисттик Республикасынын (ВСР) түзүлгөндүгү (борбору Ханой) жарыяланган. 1980-жылы ВСРдин конституциясы кабыл алынган. 90-жылдардан тартып өлкөдө экономиканы либералдаштыруу, саясий системаны реформалоо процесси бир кыйла экономикалык өсүштөргө алып келген.
Экономикасы. Вьетнам – өнөр жайы өнүккөн агрардык өлкө. Ички дүң продукциясынын көлөмү 251,8 млрд доллар (АКШ); аны киши башына бөлүштүргөндө 3 миң доллардай туура келет (2005). Ички дүң продукциясында айыл ж-а токой чарбасыны үлүшү 36,6%, өнөр жайыныкы 20,9%. Нефть, таш көмүр, апатит, хромит, те-


мир кенташы, калай, вольфрам казылып алынат. 2004-жылы 46 млрд кВт.с электрэнергиясы өндүрүлгөн. Кара ж-а түстүү металлургия, металл иштетүү ж-а машина куруу, химия өнөр жайлары өнүккөн. Курулуш материалдарын чыгарат. Жыгач иштетүүчү ж-а целлюлоза-кагаз, каучук иштетүү ишканалары, жеңил ж-а тамак-аш (күрүч актоо, кант, чай, кофе ж. б.) өнөр жайлары бар.
Айыл чарбасында жердин 26% иштетилет, кээ бир райондордо жылына 2–3 жолу түшүм алынат. Шалы (негизги азык-түлүк продуктусу), батат, жүгөрү, пахта, жут, балкамыш, чай ж. б. өстүрүлөт. Каучук плантациясы бар. Жашылча жемиш өстүрүлөт. Бодо мал, чочко багылат. Балык кармалат

Темир жолунун узундугу 2,6 миң км (анын ичинде 2169 км кууш колеялуу); авто жолунуку – 126 миң км; ички суу жолунун узундугу 17,7 миң км. Деңиз соода флотунун тоннажы 1170,6 миң бр.-рег. т, 2005). Жалпы куур транспортунда узундугу 851 км (анын ичинде 3 кми нефть кууру, 642 кми газдыкы). Ири порттору: Хошимин, Хайфон, Дананг, Хонгтай, Камфа. Нефть, таш көмүр, күрүч, каучук, балык ж-а деңиз продуктуларын экспорттойт. Негизги соода шериктештери: Япония, Сингапур, Корея Республикасы, Австралия, Германия, АКШ, Улуу Британия, Кытай, Гонконг, Таиланд.
Маданияты. Өлкөнүн түндүгү м-н түштүгүндө билим берүү системасы эки түрдүү түзүлгөн. ВДР болуп жарыялангандан кийин 1945-жылы элге билим берүүнү өнүктүрүүгө багытталган декрет кабыл алынган. 1956-жылдагы реформага жараша 3 баскычтан турган бирдиктүү 10 жылдык мектеп түзүлгөн. Кийин сабатсыздык жоюлуп, өлкө 1976-жылдан 8 жылдык милдеттүү окууга өткөн. Жалпы билим берүүнүн толук курсу – 10 жыл. Орто мектеп 7 жылдык. Жалпы билим берүүчү 12 жылдык мектеп өлкөнүн түштүгүндө сакталган. Бирок аларда окуунун мазмуну ж-а идеялык багыты өзгөртүлгөн. Өлкө бириккенден кийин мектептердин бирдиктүү программасы түзүлүп, Түндүк м-н Түштүк үчүн бирдей жаңы окуу китептери чыгарылып, түштүктө мугалимдер кайра даярдала баштаган. ЖОЖдордун саны өскөн. Ханой университетинин (1918-жылы негизделген) базасында 1954-жылдан медицина-фармацевтика, адабият, педагогика, айыл чарба, токой чарба институттары ачылган. Университет кийин 1955-жылы химия, физика-математика, биология ж-а коомдук илимдер факультеттери м-н кайра уюшулган.
Вьетнам элинин адабияты вьетнам тилинде өнүккөн. Вьетнамдын байыркы фольклору: Ажыдаар Лактын өкүмдарлыгы, адамдардын теги ж-а алгачкы окутуучулары; Фу Донг жөнүндөгү баатырдык жомок; Үлүл-чебинин курулушу, ошондой эле каарман эже-сиңдилер Чынг жөнүндөгү мифологиялык уламыштардын жыйындысы (цикл). Ханван тилинде жазылган алгачкы эстеликтерде (10– 12-кылымдар) чечендик өнөр м-н кытай адабиятында калыптанган формалар айкалышкан (эски кытай тилинин вьетнамдашкан варианты). Вьетнам адабияты орто кылымда буддизмдин, кийинчерээк конфуцийчил көз караштын таасиринде өнүккөн. 14- кылымдын аягы – 15-кылымдын 1-жарымында бир катар акындардын чыгармаларында социалдык нааразылык темасы пайда болуп, поэзия вьетнамдардын оозеки тилинде өөрчүйт. Анын бизге жеткен байыркы эстелиги – Нгуен Чайдын (1380– 1442) «Эне тилдеги ырлар жыйнагы». 16–17-кылымда ыргактык проза жанрындагы чыгармалар кеңири тараган. Нгуен-Бинь Кхиемдин (1491– 1585) афоризмдик ж-а ирониялык поэзиясында социалдык адилетсиздик чагылдырылган. 17-кылымдын аягы – 18-кылымдын башында тарыхый-эпикалык «Югдун асман китеби» аттуу аңгемеде Вьетнамдын тарыхый адамдарынын, легендарлуу баатырларынын эрдиктери чагылдырылат. 18-кылымдагы ж-а 19-кылымдын башындагы Вьетнам адабиятына Кайра жаралуу доорунун салтына жакындоо ж-а адамдын ички дүйнөсүнө көңүл буруу мүнөздүү болуп, лирикалык жанр пайда болот. Доан Тхи Дьемдин (1705–48) «Жоокердин даттануусу», Нгуен За Тхиенин (1741–98) «Падышанын ойношунун арызы» аттуу поэмалары жарыяланган. Вьетнам классикалык адабиятынын көрүнүктүү өкүлү Нгуен Зунун (1765–1820) «Кыйналган жандын онтоосу» деген поэмасында адамдардын жеке турмушу баяндалат. Француз колониячылары басып киргенден кийин адабият салттуу формада өнүгүп, анда патриоттук мотивдер басымдуулук кылат. 19-кылымдын 2-жарымында колониялык режим орногондон кийин поэзияда сатиралык багыт өөрчүйт: Нгуен Кхюендин (1835–1909), Ту Сыонгдун (1870–1907) чыгармалары. 20-кылымдын башында азыркы прозалык жанрлар: новелла, драма, роман калыптанган. 30-жылдары «Жаңы поэзия» кыймылы башталган. То Хыунун поэзиясы, Хо Ши Миндин «Түрмө күндөлүгү» деген публицистикасы. 20-кылымдын 20–30-жылдарында калыптанган реалисттик багыттын өнүгүшү бардык жанрда [Нгуен Конг Хоандын аңгемелери м-н «Акыркы кадам» (1938), Нгуен Хонгдун «Колу туткак аял» деген романдары] айкын көрүнөт. 1945-жылдагы Август революциясынан кийин Вьетнам адабияты социалисттик реализм багытында өнүккөн. Көркөм-документ жанры да ушул мезгилде өнүгө баштаган. Каршылык көрсөтүү согушу мезгилиндеги (50-жылдардын башында) жаралган повесттер м-н романдар [Нгуен Динь Тхинин (1924-жылы туулган) «Чабуулу» (1951); Во Хюи Тамдын (1920) «Көмүр бассейни» (1951) ж. б.] коллективдүү каарманды сүрөтөөгө баш койгон. 1957-жылы Вьетнамда жазуучулар союзу негизделген. Революция тарыхын баяндаган Хюи Тамдын «Шахтёрлор» (1961), Нгуен Хонгдун «Деңиз дарбазасы» (1–2-т., 1961–1973) ж. б. романдарында жаңы каармандардын образы берилген. Поэзияда жаңы коомду куруучулардын лирикалык образдары кеңири сүрөттөлөт.
Вьетнамдын байыркы искусствосунун гүлдөшү Тямпа мамлекетинин түзүлүшүнө байланыштуу (б. з. 1-миң жылдыгы; Мишон ж-а Донгзыонг шаарларындагы кыштан (кирпичтен) салынган будда, брахми храмдары, жасалга скульптуралар). 11–13- кылымдарда Түндүк Вьетнамда жыгач имараттарды куруу кеңири таралган (Ханойдогу Дьен-Бо пагодасы, 1049 ж. б.). 18–19–кылымдарда сарайлар кооз оюм-чийими м-н өзгөчөлөнгөн (Хюэдеги «Төрт жагы төп келишкен сарай», 1805–33, ж. б.). Орто кылымда кооз храм, пейзаж, живопись, скульптура портрети, пил сөөгүнөн, жыгачтан, металлдан кооз буюм жасоо басымдуу болгон. Франция колониялап турган мезгилде Вьетнам өнөрүндө электизм ж-а европалык салон өнөрүнүн принциптери таралган. Каршылык көрсөтүү согушу жылдарында (1945–54) сүрөтчүлөр (То Нгок Ван, Фан Ке Ан ж. б.) үгүт баракча, плакат, турмуштук ж-а саясий темадагы эстамптарды жаратышкан. Түндүк Вьетнамда жибекке суу боёк м-н тартуу живописи (Нгуен Фан Тян, Чан Донг Лыонг ж.б.), лак живописи биринчи жолу сүрөт тартуунун каражатына айланган (Хоанг Тик Тю, Нгуен Ким Донг ж. б.), май боёк м-н сүрөт тартуу ж-а скульптура, графика өнүгөт. Элдик жасалга-колдонмо өнөр өркүндөгөн: пил сөөгүнөн, жыгачтан жа


салган, камыштан согулган буюмдар, түстүү жазуулар ж-а алтын сымал лактар м-н кооздолгон буюмдар, сайма, темир куймалар колдонулган. 1957-жылы Ханойдо жогорку сүрөт окуу жайы ачылган. 1958-жылы ВДРдин сүрөтчүлөр союзу уюштурулган. Америкалыктар м-н согушта баатырдыкты көрсөткөн вьетнам эли эми талкаланган шаарлар м-н кыштактарды калыбына келтиришкен. Фам Ван Дон, Май Ван Хиен, Куанг Фонг ж. б. сүрөтчүлөрдүн чыгармаларында элдин баатырдык күрөшү ж-а туруктуулугу чагылдырылган.
Салттуу жанрлары – тео ж-а туонг муундан муунга оозеки өткөн. Вьетнамдын классикалык театры – Туонг. Ал элдик оюн катары 11–13-кылымда өлкөнүн түндүгүндө пайда болгон (ага кытай театрынын таасири тийген). Сарай труппалары ж-а демократиялык багыттагы кыдырма труппалар иштеген. Оюн музыка, бий ж-а көркөм окуу м-н айкалышта көрсөтүлөт. Белгилүү театр ишмер-


леринен тарыхый, курч комедиялуу, сатиралык пьесалардын автору Нгуен Динь Нги, аткаруучуларынан Нгуен Ван Тхинь ж. б. өзгөчөлөнгөн. 20-кылымдын башында Ханойдо Нгуен Хыу Тиендин «Донг А феникстери», Хоанг Танг Бинин «Күйөөсү үчүн өч алуу жана мекен алдындагы милдет» аттуу тарыхый пьесалары белгилүү болгон. Кай-лыонг театрында пьеса актыларга бөлүнүп, мурда колдонулбаган көшөгө, жасалга пайдаланылган. «Сүйлөмө» же драма театры кить-ной пайда болгон. Мольердин комедиялары, Ву Динь Лонгдун «Дос жана аял» пьесасы ж-а Хо Ши Миндин «Бамбук ажыдаар» комедиясы коюлган. ВДР түзүлгөндөн кийин театр жаңы драматургия м-н байып, кить-ной ж-а кай-лыонг салттуу театр формалары кеңири тарала баштаган. 1954-жылы өздүк көркөм чыгармачыл коллективдердин фестивалы (4 жылда бир жолу) өткөрүлө баштайт. Театр өнөрү коомдун турмушунда маанилүү орунду ээлеп, китьной жаңы заман үчүн күрөшүп жаткан заманбап адамдын образын түзгөн. Кай-лыонг тышкы кооздуктан баш тартып, турмушту чыныгы реалисттик жол м-н чагылдырууга өткөн. Туонг салттуу театры кризиске учурап, жоюлуп калган. Бирок 1958-жылы улуттук музыка театр мектебинде туонг бөлүмү ачылган. Тео театры да кайра түзүлгөн. 1963-жылдын аягында 35 профессионал труппа м-н көркөм коллективдин ичинен 19у тео спектаклдерин коюуга адистешкен. Элдик куурчак театр өнөрү да эзелтен өнүккөн. 1957-жылы Ханойдо профессионал куурчак театры ачылган. 1957-жылы Ханойдо Вьетнам театр актёрлорунун ассоциациясы түзүлүп, 1961-жылы жогорку драма мектеби ачылган.
Француз үстөмдүгү мезгилинде Вьетнамда негизинен француз ж-а америкалык фильмдер чыгарылган. Август революциясынан кийин ВДРдин өкмөтү Ханойдо радио жана кино уюмун уюштурган. Улуттук кино түзүүдө советтик кинематографисттер жардам көрсөтүшкөн. 1948-жылы алгачкы кино хроникалары тартылган («Мак Хоа үчүн салгылашуу»).
Документ фильмдердин студиясы 1956-жылы түзүлгөн. 1958-жылы Ханойдо киностудия уюшулган. Алгачкы көркөм фильми – «Бир дарыяда бирге» (1959). 1960-жылдан көркөм фильм студиясы иштейт. Улуттук кинематографиянын негизги темасы – француз колониячыларына каршы Вьетнам элинин күрөшүү тарыхы («Ким Донг», «Жубайлар А – Фу», «От океаны»). ВДРге каршы америкалык агрессия башталгандан кийин өлкөдө «АКШнын каракчылары», «Ханой, 5 күн кармашуу», «Шамал дарбазасынын жанында» деген даректүү фильмдер тартылган. 60–70-жылдарда согуш темасындагы көркөм фильмдер: «Жаш жоокер», «Нюи – сайгондук кыз», «17- параллель: күн-түн дебей» ж-а «Ханойлук кыз», «Апельсин багы», «Курман болгондун эстелик белеги» (1961; советтик прокатта – «Курман болгондун сувенири»), «Эки солдат» (1962), «Кичинекей Ким Донг» (1964), «Нгуен Ван Чой», «Бороон күчөөдө» (1966, экөө тең), «Тхам кыздын токою» (1970). Кээ бир фильмдер Москвада ж-а Карлови-Варидеги эл аралык кинофестивалдарда сыйлык алган. 1959-жылы Ханойдо улуттук киномектеп уюштурулган. Көркөм киностудия, хроникалдык-даректүү, мультипликациялык фильмдер ж-а кино көчүргүч фабрика иштеген.
Америкалыктардын агрессиясынын натыйжасында кино өндүрүшүнүн бөлүктөрү жунглиге көчүрүлгөн. ВДРдин көрүнүктүү актёрлору: Фи Нге, Нгок Лан, Нгуен Хонг Шэн, Ча Жанг, Туе Минь, Тху Хиен, Туй Винь. 16-кылымда музыкалык коом түзүлүп, вокалдык-аспаптык («Бо ня няк», кийинчерээк «Бо зяо фыонг» ыр ж-а бий коомуна айланган), «Дой ба лэнь» оркестри пайда болгон. Аспаптардан: үйлөмө – кхен (Пан флейтасынын бамбуктан жасалган түрү), дык, тиеу, шао бан, шао бау (түрдүү флейталар) ж. б.; урма – чонг дай ж-а чонг тео (барабан) кеңири тараган. 19-кылымда «Няк Тянь» оркестри уюшулган. Түштүк Вьетнамда элдик театрдын негизинде вокалдык музыканын номурларын камтыган улуттук жарым профессионал театр


негизделген. 20-кылымдын 30-жылдарында улуттук театр өнөрү өзгөчөлүгүнөн ажырап, европалык опералар коюлуп, европалык үлгүнү туураган. Француз колониячыларына каршы согуш жылдарында элдин эмгегине арналган ырларынын негизинде жаңы революциячыл ыр фольклору пайда болгон. Вьетнамдын операсында До Ньюандын «Ко-Шао» («Кыз-жылдыз»), Нгуен Суан Хоантанын «Чоң дарыя көпүрөсүнөн өтүү» чыгармалары көрүнүктүү орун ээлейт. ВДРдин көп музыканттары тео театрынын элдик обон-күүлөрүн чогултуп, жазып ж-а кайра иштеп чыгуунун негизинде түрдүү жанрдагы өз музыкасын түзүшкөн. 1955-жылы Ханойдо консерватория ачылган. Андан кийин улуттук музыкалык театр мектеби, орто ж-а жогорку музыкалык курстар, балдардын музыкалык мектептери негизделген. 1959-жылдан Ханойдо симфониялык оркестр, 1962-жылдан элдик аспаптар оркестри, ошондой эле мамлекеттик хор иштейт.
Ад.: Экономика и внешнеэкономические связи Вьетнама. М., 2001; Вьетнам: страна и люди. Ханой, 2002; Вьетнам//Большая Российская энциклопедия. Т. 6. М., 2006. Никулин Н. И. О периодизации вьетнамской литературы эпохи средневековья; Великий вьетнамский поэт Нуген Зу. М., 1965; Литературный энциклопедический словарь. М., 1987.