БАЛЯН Григорий Айказович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:32, 17 Февраль (Бирдин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЯН Григорий Айказович (1928-жылы туулган, Азер­байжан, Шамхор району, Барум айылы) - агроном, айыл чарба илимдеринин доктору (1983), профессор (1988). КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер (1998). Азер­байжан айыл чарба институтун (1948), Бүткүл союздук тоют илим изилдөө институтунун аспирантурасын бүтүргөн (1952). Азербайжан ИАнын Мир-Башкир тажрыйба станциясында (1953-56), Азербайжан дыйкан­чылык ИИИде илимий кызматкер (1956-65), 1965- жылдан Кыргызстан мал чарба ж-а ветеринария ИИИде, 1995-жылдан Кыргыз мал чарба, ветеринария ж-а тоют ИИИде бөлүм башчы. Өсүмдүк өстүрүүчүлүк ж-а шалбаачылык боюнча адис. 200дөн ашык илимий эмгектин, анын ичинде 5 монография, 4 ой­лоп табуу ж-а 1 патенттин автору.


Эмг.: Прутняк и его культура в Киргизии. Ф., 1972; Кормовые растения Киргизии и их возделывание при освоении пустынь, полупустынь и степей. Ф., 1978; Культурные пастбища для овец. М., 1980.