БАЗАР-КОРГОН РАЙОНУ
БАЗАРКОРГОН РАЙОНУ - Жалал-Абад облусундагы административдик бирдик. 1934-жылга чейин анын курамында Масы району да болгон. 1937-78-жылдардын аралыгында Масы ж-а Базар-Коргон райондору эки жолу биригип, кийин Ленин району аталган. 1978- жылдан өзүнчө район. Батышынан Ноокен, түндүгүнөн Токтогул, түндүк-чыгышынан Тогуз-Торо, чыгышынан ж-а түшгүгүнөн Сузак райондору, түштүк - батышынан Өзбекстан м-н чектешет. Аянты 2,0 миң км2. Калкы 190,2 миң (2022). Райондо 9 айыл өкмөтү, 55 кыштак бар. Борбору - Базар-Коргон кыш. Райондун аймагы негизинен Каруңкур өрөөнун ж-а аны курчап турган Бабаш Ата кырка тоосунун түштүк-чыгыш, Кең Кол, Фергана тоолорунун түштүк капталдарын, ошондой эле Фергана өрөөнүнүн түндүк-чыгыш өндүрүнүн бир аз бөлүгүн ээлейт. Райондун табигый байлыгынын негизин Арстанбап, Кызыл Үңкүр, Каба, Ачы жапайы жаңгак-жемиш токой массивдери, курулуш материалдары, минералдуу суулары түзөт. Климаты мелүүн континенттик, Жер ортолук деңиз климатына окшош. Кышы мелүүн суук, январдын орточо температурасы -3...-10°С; жайы кургакчыл, ысык, тоолуу бөлүгүндө салкын, июлдун орточо температурасы 10-20°С. Жылдык жаан-чачындын өлчөмү түзөң бөлүгүндө 300-400 мм, тоолуу бөлүгүндө 1100 мм ге чейин. Райондун аймагынан Карүңкүр суусу агат; ал Фергана ж-а Бабаш Ата тоолорунан башталып, Кызыл Үңкүр, Жаз Кечүү ж-а Арстанбап сууларынын кошулушунан түзүлөт. Көлдөрү: Кең Кол, Кутма-Көл, Каракол; ошондой эле ж. б. чакан көлдөрү бар. Жери негизинен боз, кара күрөң ж-а күрөң-тоо топурактуу. Базар-Коргон районунун аймагында Түштүк Кыргызстандагы жапайы жаңгак-жемиш токоюнун эң жыш массивдери (Арстанбап, Кызыл Үңкүр) жайгашкан. Ал массивдер - дүйнөдөгү эң кооз жерлердин бири. Кооздукту жыш өскөн жапайы жаңгак - жемиш токою түзөт. Жаңгакка аралаш алча, алмурут, карагат, кайналы, айвансари, алма ж. б. мөмө-жемиштер, ошондой эле шилби, итмурун, асамуса, карамарт, ыргай, четин өсөт. Токой арасындагы ачык аянттарды өскүлөң шалбаа өсүмдүктөрү ээлейт. Суу боюнда терек, тал, чычырканак ж. б. өсөт. Жаңгак токоюнун жогорку чегинде карагай, акчечек, кайың, шилби, табылгы кездешет. Райондун калкы көп улуттуу; көбү кыргыздар, андан сырткары орус, өзбек, уйгур, тажик, украин, корей, башкырт, татар ж. б. улут өкүлдөрү жашайт. Калкынын орточо жыштыгы республиканын жалпы жыштыгынан жогору, 1 км2 жерге 64 киши. Райондун экономикасынын негизин айыл чарбасы түзөт. Айыл чарбасынын негизги багыты - пахтачылык, дан чарбасы ж-а тамекичилик. Район боюнча 2003-жылы 6130 чарбалык субъект иштеп, анын 5701 үй-бүлөлүк, 85 фермердик, 318 дыйкан чарба, 4 үрөнчүлүк чарбасы болгон. Айыл чарбага жарактуу жери 104,7 миң га, анын 13,8 миң га сы сугат жер, 5,6 миң га сы чабынды, 78,3 миң га сы жайыт, 791 га сы көп жылдык бак-дарактар. Айдоо жерлеринен 2003-жылы 26,0 миң т буудай, 17,4 миң т пахта, 0,2 миң т тамеки, 10,3 миң т картөшкө, 3,6 миң т мөмө-жемиш, 19,8 миң т жашылча, мал чарбасы үчүн 12,4 миң т тоют жыйналган. 2003-жылы буудай 7042 га, жүгөрү 1178 га, шалы 524 га, башка дан өсүмдүктөрү 354 га, пахта 5350 га, тамеки 838 га, май алынуучу өсүмдүктөр 4451 га, картөшкө 787 га, жашылча 960 га, бакча 206 га жерге өстүрүлгөн. Райондо 2003-жылы 55,6 миң кой-эчки, 4,6 миң бодо мал, 6,9 миң жылкы, 7,0 миң үй кушу асыралган, 6,2 миң т эт, 33,3 миң л сүт, 163 т жүн, 3,1 млн даана жумуртка өндүрүлгөн. Райондун экономикасында өнөр жайдын үлүшү да кыйла маанилүү. 2003-жылы райондун жалпы өнөр жайында 56,2 млн сомдук продукция өндүрүлгөн. Райондо өнөр жай ишканаларынан пахтаны кайра иштеп чыгуучу «Актилек-А», «Алтын кемер» ишканалары, «Кыргыз - Түрк Этем Озсой» заводу, жаңгак жыгачынан үй буюмдарын жасап чыгаруучу Кыргыз-Түрк Вуд Индастри ишканасы иштейт. Ал эми Кыргыз-Америкалык «Дюбек холдинг» тамеки ферменттөөчү, Кыргыз-Корей жибек өндүрүүчү биргелешкен ишканалары өз продукцияларын чет өлкөлөргө сунуш кылууда. Ошондой эле райондо «Байлык», «Кенч», «Айыл курулушу», «Карүңкүр» акцио-

нердик коомдору, сүт, нан заводдору, 138 тегирмен, 58 май тегирмен, 31 ак жуваз чакан ишканалары иштейт. Базар-Коргон кыштагында жеке менчик 8 базар бар. Райондогу транспорт каттамынын негизги түрү - автомобиль жолу. Андагы жолдордун жалпы узундугу 194 км, анын асфальтталганы 147 км. Базар-Коргон кыштагы - жолдор тоому. Ал аркылуу Бишкек - Жалал Абад - Ош автомобиль жолу өтөт. Андан сырткары Базар-Коргон - Арстанбап, Базар-Коргон - Кызыл Үңкүр ж. б. автомобиль жолдору бар. Райондо 2003-04-окуу жылында 2 кесиптик лицейде (Базар-Коргон, Кажыр-Абат кыштактарында) 465 окуучу окуп, 21 мугалим, 16 мастер ж-а 56 жалпы билим берүүчү мектептерде 33,0 миң окуучу окуп, 2,3 миң мугалим иштеген, 13 бала бакчада 900 бала тарбияланган. Андан сырткары райондук спорт (357 окуучу), музыкалык мектептер (115 окуучу), гимназия мектеп-интернаты, 4 гимназия багытында иштеп жаткан мектеп (жалпы гимназиялык мектептерде 4758 окуучу окуйт), балдар ж-а өспүрүмдөрдүн «Жаш талант» чыгармачыл борбору (210 окуучу) иштейт. Арстанбап, Кызыл Үңкүр аймактарында окуучулар жайында эс алуучу жайлар бар. Райондо 2003-жылы борборлоштурулган китепкана (китеп фондусу 25,2 миң нуска), 27 айылдык китепкана, 8 маданий-социалдык комплекс, 13 маданият үйү, борборлоштурулган оорукана, 6 айылдык оорукана, бейтапкана, учук оорулар диспансери, 16 үй-бүлөлүк врачтар тобу, 17 ФАП, санитария-эпидемиологиялык станция, балдар санаторийи болгон. Райондо тарыхый жерлер да арбын, алар - Арстанбапата, Актайлак-Ата, Көлкупан-Ата тарыхый эстеликтери ж. б. көптөгөн мазарлар. Райондук «Арстанбап таңы» гезити чыгат.
Ө. Бараталиев.