БАЙЖИЕВ Ташым Ыскак уулу

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:17, 3 Март (Жалган куран) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЙЖИЕВ Ташым Ыскак уулу (1909, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Тепке айылы - 17. 2. 1952, Караганды) - адабиятчы, кыргыз тили ж-а ад­абияты боюнча алгачкы окуу китептеринин автору, жазуучу, драматург, котор­мочу, сынчы.

Кара-Колдогу орус-тузем мектебин, Фрун­зедеги педтехникумду бүт­көн (1927). Байжиевдин адабий ишмердиги 1927-жылы проза­лык чыгармаларды жазуу­дан башталган. 1930-36-жылдарда эл агартуу комиссариаты­нын инспектору катары Алай өрөөнүндө башталгыч мектептерди ачып, Жалал-А­баддагы педтехникумда окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. Анын чыгармачылыгынын ойгону­шуна ж-а калыптанышына педтехникумдагы «Кызыл учкун» деген адабий ийримдин таасири чоң болгон. «Сен кимсиң?», «Досум», «Кытмыр өлдү», «Күрөө», «Төр-Сууда», «Суу боюнда», «Тур­муш чөлү» аттуу кыска аңгемелери, жанытма­лары ж-а повесттери ошол учурдагы кыргыз жер­гесиндеги тап күрөшүн, жаңы замандын орно­шун, азаттыкка чыккан кыз-келиндердин, илим-билимге умтулган жаштардын турмушун сүрөттөөгө арналган. Кыргыз пединститутунун орус тили ж-а адабияты факультетин бүтүргөндөн кийин 1940-42-жылдары СССР ИАнын Кыргыз филиалында «Манас» сек­торун башкарып, эпостун үч томдугун басмага даярдаган. Залкар манасчылар Саякбай Кара­лаев, Шапак ж-а Акмат Рысмендеевдердин ай­туусунда эпосту кагазга түшүргөн. Илимий-изилдөө мака­лаларын жарыялап, республиканын Өкмөтүнө 1942-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдык юбилейин өткөрүүнү сунуштаган. 1944-жылы Улуу Ата Ме­кендик согушка кетип, Украина фронтунда жарадар болгон. 1944-жылы госпиталдан жазган «Жигиттер» аттуу пьесасы театрда даярдала баштаган. Пьеса кыргыз азаматтарынын эрдик­терине арналганына карабастан, саясий күнөө коюлуп, репертуардан алынган. Бул окуядан кийин Байжиев көркөм чыгарма жазуудан баш тартып, бүт эмгегин кыргыз тили ж-а адабияты боюнча окуу китептерин түзүүгө, «Манас» эпосун, Калыгул, Арстанбек, Молдо Кылыч, Тоголок Молдо, Токтогул, Барпынын чыгармачылыгын иликтеп элге жеткирүүгө арнаган. 1944-49-жылдарда «Манас» ж-а фольклор секторун жетектеген. 1947-жыл­га пландаштырылган «Манас» эпосунун 1100 жылдыгына үчилтиктин 21 томун даярдап, «Чоң казаттын» орусча котормосу өзүнчө китеп болуп чыккан. «Семетейди» изилдеп, аны баа­тырдык лирикалык поэма катары баалаган ж-а белгилүү казак окумуштуусу М. Ауэзовдун жетекчилигинде «Манас» эпосу боюнча диссертация жазууну колго алган. Бирок ВКП(б) БКнын «Звезда» ж-а «Ленинград» журналдары жөнүндөгү токтому кабыл алынгандан кийин (1946, 14- август) бул иштери өтөөсүнө чыкпай, Байжиевге эл душманы деген жалган саясий айып тагылып, репрессияланган. Ал З. Бектенов м-н бирдикте 3-4-класстар үчүн «Кыргыз тили» (1933), 5-класс­тар үчүн «Биздин адабият» (1940) окуу китепте­рин түзгөн, ал эми «Кыргыз адабияты» (фольклор) окуу китеби (1947) жарык көрөрү м-н 1949-жылы пайдалануудан алып салынган. 1993-жылы кайрадан басылып, мамлекеттик конкурста сыйлыкка та­тыктуу болгон. Китептин «Адабият жана фольклор» деген бөлүмүндө эки тармактын өз ара бай­ланышы, бөтөнчөлүктөрү чечмеленип, кыргыз элинин жазмасы 6-8-кылымдарда эле болгондугу, фоль­клорубуздун башаты, чыгыш теги, адабият тары­хы, адабият теориясы, адабий сын, фольклористика тууралуу маалымат, кеңири түшүндүрмөлөр берилген. «Байыркы кыргыздар» деген бөлүмүндө кыргыздардын байыртадан бүгүнкүгө чейинки тарыхы, социалдык-экономикалык түзүлүшү, маданияты, орхон-енисей жазуулары, алардын оку­лушу, стили тарыхый фактылардын негизинде жазылган. Ал эми «Октябрга чейинки фольклор» деген бөлүмдө фольклордук чыгармалардын Октябрь революциясына чейин Валиханов, Радлов, Алмаши ж. б. тарабынан жазылып алынышы, алардын көз караштары тууралуу айтылып, эл­дин оозеки чыгармачылыгы классификацияланган. Акыркы бөлүмү боордош элдер адабиятына арна­лып, орус элинин «Илья Муромец», Ш. Руста­велинин «Жолборс терисин жамынган баатыр», ошондой эле Г. Низами, А. Навоинин чыгармалары камтылган. Эмгекте фольклордук ар кыл жанрлар, «Манас» үчилтиги баштаган кенже эпос­тор ж. б. боюнча алгач жыйынтыктуу илимий көз ­караштар, кеңири маалымат, тыянактар айтыл­ган. Китеп илимий-теориялык жактан кыргыз адабияты м-н фольклористикасындагы көптөгөн маселелерди так, кеңири чечмелеп бергендиги м-н бүгүнкү күндө да баалуу. «Жигиттер» деген пьесасынын көркөмдүк деңгээли жогору, жазуу стили өзгөчө, маани-маңызы терең болгондуктан, режиссер И. Рыс­кулов сахнага алып чыккан (1989). Байжиев көркөм котормонун калыптанышына да өз салымын кошкон. Немис жазуучусу Э. Распенин «Мюн­хаузендин башынан өткөргөндөрү» (1936), орус жазуучусу А. Фурмановдун «Чапаев» (1939) ж. б. чыгармаларды чебер которгон. Байжиев 1955-жылы реабилитацияланган.

Ад.: Бектенов 3., Байжиев Т. Кыргыз адабияты. Б., 1993; Ташым Байжиев. Б., 2003.

А. Обозканов.