БАЛЬЗАК
БАЛЬЗАК Оноре де (20. 5. 1799, Тур - 18. 8.1850, Париж) - француз жазуучусу. Вандом коллежинде, Парижде укук таануу мектебинде окуган. Жаш кезинде философияга өтө кызыккан. Француз агартуучуларынын материализми Бальзакка күчтүү таасирин тийгизген. Саясий көз карашы боюнча ал легитимист болгон. 1822-25-жылдарда түрдүү псевдонимдер м-н 8 роман жарыялаган. «Чигирим булгаары» (1830) романын чыгармачылык ишинин башталышы деп санаган. 1829- жылдан жалпы мазмуну, каармандары бири-бири м-н байланышкан 90 чыгармадан - роман, аңгемеден турган «Адам комедиясы» эпопеясын жаза баштаган, анын ичинде романдары: «Белгисиз шедевр» (1831), «Евгения Гранде» (1833), «Горио ата» (1834-35), «Цезарь Биротто» (1837), «Унутулган кыялдар» (1837-

43), «Кузина Бетта» (1846). Бул эпопеясында 1816-46-жылдарда француз коомун кеңири камтып, анын карама-каршылыктарын, саясий, экономикалык, моралдык турум-турпатын, адеп-ахлакты реалисттик мүнөздө ачып берген. Жеке адамдын коом м-н тарыхка багынычтуулугу, коомдун өкүлдөрүнүн идеалдары, жашоо принциптери «Гобсек» (1830), «Нусингендин банк үйү» (1838), «Дыйкандар» (1844) өңдүү ири чыгармаларында ашкереленген, ал түрдүү мүнөздөгү классикалык образдардын бүтүндөй бир галереясын түзгөн. «Бальзак француздарды 5 миң кишиге көбөйттү» деген афоризм да ушундан улам чыккан. Анын чыгармалары дүйнөлүк көркөм өнүгүшкө зор таасир тийгизген. Мисалы, А. С. Пушкин, В. Г. Белинский, А. И. Герцен, И. А. Тургенев, Л. Н. Толстой, айрыкча Ф. М. Достоевский м-н М. Горький анын чыгармачылык мектебинен өткөн. Айрым чыгармалары кыргыз тилине которулган.