БАЙТИК БААТЫР
БАЙТИК БААТЫР Канай уулу, (1823, Иле дарыясынын сол өңүрү – 05. 03. 1886, азыркы Байтик айылы чен) – солто уруусунун белгилүү манабы. Жазма кабарларда бийик бойлуу, келбеттүү, кең далы, жар кабак адам катары сүрөттөлөт. Бул мезгилдерде Кокон хандыгы күч колдонуп, азыркы Кыргызстандын түндүк жана түндүк-чыгышын толук каратуу аракетине киришкен. 11820–25-жылдары Мерке жана Пишпек коргондору салынып, 1825-жылы кокондук төрт миң сарбаз Чүй суусунун жээгине чейин келип, солто, сарбагыш урууларын чаап, салык төлөп турууну талап кылган. Тарыхый документтерде солтолор алардын талабына макул болсо, сарыбагыш «Атакенин балдары» көнбөй, «Ысык-Көлгө, жакында балдарын Омск шаарына жиберген бугу уруусунун бийлеринин үстүнө көчүп» кеткени айтылат. Оозеки маалыматтарга караганда солто урууларынын айрым бөлүктөрү да Кокон хандыгына баш ийүүгө каршы болуп, Иле дарыясынын жээгине журт которуп кетишкен. 1831-жылы Токмок чеби курулуп, Чүй, Ысык-Көл, Иле өрөөндөрү Ташкент вийалетине карап калган. Натыйжада Иле жээгиндеги кыргыздар артка, Чүй өрөөнүнө кайтууга аргасыз болушкан. Бул вийалетти адегенде Лашкар беклер-беги (1810–42), кийин Азиз парваначи (1847–49), Нар-Мухаммед (1845–47, 1849–53, 1858–64), Мырза Ахмед (1853–57) бийлеп, кийинки экөөнүн тушунда жергиликтүү калк өзгөчө катуу кысымга кабылган. 1861-жылы Мала хан (1858–62) Рахматулла датканы Чүй өрөөнүнө бек кылып дайындагандан кийин зордук-зомбулук мурункудан күчөгөн. Пишпек, Токмок чептеринин айланасындагы түшүмдүү жерлер туташ башка жактан келген соодагерлерге сатыла баштап, бул жактагы кыргыздардын күздөө-кыштоолору тарыган. Мисалы, К. Сарыхожин деген ташкенттик соодагер Пишпекке жакын жерлерге ээлик кылып, беде айдатып, айланасын коруткан жана бедеге кирген малды каматып турган. Көп мал чыгымга учурап, аны өндүрүү үчүн Байтик анын үй-бүлөсүн барымтага алган. 1862-жылдын баш ченинде Рахматулла Байтиктин уулу Байсалды Пишпек чебине алдырып келип, катуу кордук көрсөткөн. Ушул ж.б. сыяктуу көрүнүштөр Байтикти кокон бийлигинен четтетип, тымызын Россия империясына ыкташына себеп болгон. Оозеки түрүндө сакталып калган маалыматтарда Кокон ханына арналган чаткалдык бирөөнүн кызын агасына алып бергени үчүн аны Олуя-Атанын беги Таласка чакыртканы айтылат. Бирок баатырдыгын көргөн бек ага жаза колдонбой, тынч жүрүүгө убадасын алып коё берген. Ошондо Таласта жүргөн манасчы Балыкоозду өзү менен кошо Чүйгө ала келген. 1862-жылы күзгө жуук (август – сентябрь) Рахматулланы тойго чакырымыш болуп, ал 60 сарбаздын коштоосунда келген жеринен жакын тууганы Көкүм жана анын уулу Чойбек менен бирге алардын баары өлтүрүлгөн. Ичинен бир гана сарбаз тирүү калып, кутулуп кеткен. Мындан кийин Пишпек коргонун алууга аракет кылган, бирок чептин ичиндеги замбирекчен 600 сарбазга күчү жеткен эмес. Байтикке жардам берүүгө аттанган кеминдик кыргыздар Токмок чебин алууга үлгүргөн. Кокондук бийлик акыры өч аларын ойлогон Байтик астыртан иниси Сатылган башында турган кишилерин жиберип (оозеки кабарларда анын бири манасчы Балыкооз болгон), Ала-Тоо округунун башчысы Г. А. Колпаковскийден жардам сураган. 1862-жылы 3-октябрда 1400 орус аскерин алып, артиллериянын коштоосунда Верный чебинен аттанган Г. А. Колпаковский 13–24-октябрда Пишпекти курчоого алган. Чептин жанынан Байтик азык-түлүк, куралчан (найза, кылыч) жигиттери менен аларга кошулган. 24-октябрда кокондуктар багынып бергенден кийин чеп биротоло талкаланып, көрсөткөн жардамы үчүн Байтик сый чепкенге татыган. 1863-жылы май айында 40 жигити менен Талас өрөөнүнөн аттанган Байтик Мерке коргонуна кол салган. Ушул чабышта чептин беги Парда-бек (Бердибек) датка жана кокондук үч сарбаз өлтүрүлгөн. Ошол эле жылы күзүндө Нар-Мухаммед парваначы шашылыш чара колдонуу үчүн бир миң кол менен Чолок-Коргон, Сузак, Олуя-Ата чептерин кыдырып, жер-жерлердеги бийлерге эскертүү берип кайтат. 1863-жылы жазда тоолук кыргыздардын жардамы менен Алымкул аталык ордодо кезектеги төңкөрүш уюштуруп, Кокондун тагына Мала хандын уулу Султан Сейитти отургузган (1863–1865) жана иш жүзүндө хандыкты башкарууну өз колуна алган. Ошол замат хандыктын тышкы коопсуздугун чыңоо максатында сарбаздардын санын көбөйтүү, чептерди оңдоо иштерине киришип, Талас, Чүй, Ысык-Көл, Нарын өрөөнүндөгү кыргыздын ар уруудагы бий-манаптарын ынтымакка чакырган өкүлдөрүн жиберген. Ошондой каттын бири Байтикке арналып, анда «Парда-бек менен Рахматулланын өлүмүнө күнөөлү болгондор үчүн жаңы хан сапар (январь) айынын бешинде мунапыс» бергенин эскертип, эч коркунучсуз Кокондогу ордого келүү сунушталган. Мындай маалыматтар Верныйдагы орус бийлигине байма-бай жетип турган. Мисалы, Байтиктин өзү Г. А. Колпаковскийге «12 жаш ар Султансейит Коконго хан болгонун, бирок бийлик кыргыз Алымкул молдонун колунда» экенин кабарлаган. Натыйжада Кокон хандыгы менен Россиянын ортосундагы мамиле ого бетер курчуп, 1863-жылдын аяк ченинде Олуя-Ата чебин алуу максатында аскердик жүрүшкө жашыруун даярдык башталган. Жүрүштү жетектөө үчүн Санкт-Петербургдан полковник (12. 07. 1864-жылдан генерал-майор) М. Г. Черняев жөнөтүлөт. 1864-жылы эрте жазда Верныйда үч отряд түзүлүп, Олуя-Атага бара турган (Чүй суусунун сол өйүзү) жолдорго чалгын жүргүзүү полковник М. Г. Лерхеге, Нарын – Кашкар багыты штабс-капитан А. П. Проценкого тапшырылат. Есаул Н. Бутаков жетектеген үчүнчү отряд Чүй өрөөнүнө жиберилген. Ал кыргыз уруу башчыларын Токмокко жыйнап, кокондук бийликке баш ийбөөгө үгүттөйт жана ичиндеги ишенимсиз деп эсептеген өрөөндөгү айрым уруу башчыларын туткундап, Верный чебине алып кеткен. Алардын ичинде сарыбагыш уруусунан манап Менде, Жантайдын уулу Мырзалы, солтодон Өзбек Бошкой уулу, Корчу, Шайылда, Осмон сыяктуу журт башылар менен бирге Байтик да болгон. 1864-жылы май айында Нар-Мухаммед Ташкентке кайрадан бек болуп дайындалган жана ал Олуя-Атага келип, чабармандары аркылуу кеңеш өткөзүү үчүн кыргыз бийлерин ошол чепке чакырткан. Мерке чебине кошумча 400 сарбаз жөнөткөнүн уккан солто уруусун бийлеген Жангарач, Маймыл, Тынаалы сыяктуу ж.б. манаптар Олуя-Атага келип, орус аскерине каршы турууга куран кармап, ант беришкен. Жетиштүү даярдыктардан кийин 68 офицер жетектеп, 22 замбирекчен 2571 солдаттан турган М. Г. Черняевдин аскери 1864-жылы 7-майда Каштек чебинен чыгып, Пишпекке келгенде аларга Байтик жана Корчу жигиттери менен келип кошулат. Отряд Мерке чебине 24-майда жетип, эртеси күнү кокондуктар эч согушсуз багынып берген. Ак дилинен орус өкмөтүнө көрсөткөн кызматы үчүн Байтикке бул жолу капитан чини берилип, Олуя-Ата чебин алууда көрсөткөн жардамы үчүн 1864-жылы июнь айында чоң алтын медаль менен сыйланган. 1865-жылы июнь айында М. Г. Черняев Ташкент шаарын ээлеп, ушуну менен түндүк тараптагы кыргыз уруулары дээрлик Россия империясынын карамагына өтүп, жашоо-турмуштагы бардык маселе орус аскер башчылары тарабынан чечиле баштаган. Уруулар аралык чабыш, талап-тоноо, барымта алууга тыюу салынган. Ага карабай Байтик баатыр уруулар аралык чатактарга кийлигишип, 1867-жылдын жай айларында 700дөй жигит менен Таластагы Беш-Таш суусунун жээгинен саяк уруусунун манабы Ырыскулбектин айылына кол салган. Мал-мүлкү чабылган Ырыскулбек Нарбото уулу арыз жазып, орус бийлигине кайрылган. Аны териштирүү үчүн штабс-капитан В. Ю. Мединский Байтикти Олуя-Атага келип, көрсөтмө берүүнү талап кылган. Бирок Байтик улуунун катуу ооруп жатканын шылтоолоп барбай койгондо, атайын отряд жиберип, күч менен алдырып келген. Камакта эки жарым айдан ашык отурган Байтикти генерал-губернаторлукка жаңы шайланган К. П. фон Кауфман (1867–1882) Верныйдан Ташкентке өтүп бара жатып, орус бийлигине кылган адал кызматын баалап, күнөөсүн кечип, эркиндикке чыгарган. 1867–68-жылдары Түркстан крайындагы жаңы каратылган жергиликтүү улуттар «ак падышанын» саясатын колдоп, ага кастык кылбай, ак ниети менен адал кызмат кыларын далилдөө үчүн орус императору алардын өкүлдөрүн кабыл алууну чечет. Ага ылайык жаңыдан түзүлгөн Түркстан генерал-губернаторлугуна караштуу солто, саяк, сарыбагыш, багыш, кушчу, саруу, куттуксейит урууларынын атынан Байтик баатыр таңдалган. Бул өкүлдөр алгач Москва шаарына келип, анан 1868-жылы 26-мартта Санкт-Петербург шаарындагы кышкы сарайда орус падышасы (1855–1881) Александр IIнин кабыл алуусунда болушкан. Ушул жерден Байтик баатыр падышанын жарлыгы менен 3-даражадагы Станислав ордени жана бриллиант шакек менен сыйланган. 1867-жылы 11-июлда падыша өкмөтү «Жети-Суу (Семиречье) жана Сыр-Дарыя облустарын башкаруу жөнүндөгү убактылуу жобо» кабыл алган. Анын негизинде Жети-Суу облусунда Ысык-Көл, Токмок уезддери уюшулуп, Токмок уездинде Солто жана Талкан болуштуктары түзүлгөн. Солто болуштугуна Байтик баатыр, Талкан болуштугуна Тынаалы Чыны уулу шайланган. Мындан кийин «кашкарлык Жакып-бек Баадөөлөт менен байланышта» деген жалаа (арыз ээлери Тынаалы, Көкүм, Чойбектер болгон) менен Токмоктун түрмөсүнө камалган. Бул ишти Ала-Тоо округунун башчысы Г. А. Колпаковский текшерип, андан кийин генерал-губернатор К. П. фон Кауфмандын чечимине ылайык акталган, бирок болуштук кызматынан бошотулган. 1875-жылы Сооронбай Кудаяр уулунун ордуна Токмок уезд башчысынын кенже жардамчысы болуп дайындалып, бул кызматта 1877-жылга чейин иштеген. Азыркы учурда Байтик баатырдын ысымы Аламүдүн районундагы айылга жана Бишкек шаарындагы борбордук көчөлөрдүн бирине берилген.
Ад.: Сборник материалов для истории его завоевания. Собр. полк. А. Г. Серебренников. 1864 г. Ч. I и II, Таш., 1914; Хорошхин А. Байтук Батур (Рассказ из кара-киргизской жизни, 1867 года) /Туркестанские ведомости. 1871, №2, 9. 1872, №43; Загряжский Г. С. Кара-киргизы (этнографический очерк). /Туркестанские ведомости, 1874, №44; Кыргыздардын келип чыгышы //Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын кол жазмалар фонду, Инв. № 116 (319); Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993. Т. 2; Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.– М. 2004.