БАЗАРОВ Ыймаш

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:26, 12 Март (Жалган куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЗАРОВ Ыймаш [1917, Ысык-Көл облусу, Тоң району, Кольцовка (азыркы Бөкөмбаев) кыштагы - 1977-жыл ошол эле жерде] - кой ферма башчысы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1958), 1934-жылдан Тоң районундагы Ленин атындагы кол­хоздо колхозчу, кой ферма башчысы болгон. Ал жетектеген ферма кой чарбасын өнүктү­рүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1957-жылы 15700 ириктин ар биринен 3,191 кг жүн кыркып алган. Мамле­кетке тапшырылган 2200 ириктин ар биринин ти­рүүлөй орточо салмагы 67 кгга

жеткен. 1958-жылы 17559 ириктин ар биринен 3,420 кг жүн кыркылган. Ленин ордени м-н сыйланган.